www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл өкмөт болуп турганда алкымдын айынан былык ишти кылып койгон Музаффар Исаков мандатынан айрылды. Эми анын ордуна мурунку чакырылышта “Ата-Журт” партиясынан депутат болгон аравандык Өмүрбек Бакиров келе турган болду. Ал 2011-жылы депутаттыкка бизнестен келген күркүлдөрдүн бири болчу.

Ошентсе да, депутат болуп турган кезде, декларациясыда эч бир байлыгын көрсөтпөй, үйү, машинасы да жок “байкуш” экенин жазып келген. 2014-жылы ИИМди жетектеп турган Абдылда Суранчиев аны “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде турат” – деп жар салган.

Ошондой эле Бакиров маркум криминал Алмамбет Анапияевдин өкүл баласы экени айтылган. Бакиров бул айтылган кептин баарын четке кагып, өзүн актаганга аракет кылганы менен, анысынан көп деле жыйынтык чыккан эмес. Эмнеге дегенде, “жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” -деген таамай айтылган кеп бар.

Баса, “Ата-Журт” партиясында жүрүп, КСДПнын короосуна кире качканына караганда, 2015-жылы бул партиянын тизмесин чечкендерге “мүшөктөп” акча берген окшобойбу. Деги эле, депутаттыкка келгендердин көбү ушундай мандемдүүлөр болуп калды. Мамлекет анан кантип оңолот?

Булак: "Багыт"

Последние новости