www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качып кеткен кыздын жансыз денеси табылды

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, 7-апрелде Аламүдүн райондук милициясына Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаада аялдын жана эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып Айзада Канатбекованы уурдаган деп шек саналган кишинин «Honda Civic» үлгүсүндөгү машинесин көрүшкөн. Анын ичинен изделип жаткан кыздын кыйноого алынып өлтүрүлгөн сөөгүн жана бычак жеп каза болгон шектүүнүн өлүгүн табышкан.

Баштапкы маалымат боюнча экөөнүн ортосунда чыр чыгып, шектүү кызды өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайган. Тиешелүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды.

5-апрелде таңкы саат 7:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар кызды уурдап кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.

Тергөө материалдарына ылайык, 27 жаштагы кызды үч киши «Honda Civic» үлгүсүндөгү автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткен. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен катталып, иликтөө жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тасма тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости