www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аба майданынан беш миллион доллар уурдалган. Учурда ал уурулардын сары изине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы түшкөнүн билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, 2014-жылы аэропорттун жетекчилигинде тургандар, аэропорттун карамагындагы “Топливный центр” ЖАКтын 100 пайыз акциясын 5 миллион долларга соодалап жиберишкен экен. Тагырагы, ал акчанын дайыны жок.

Болбосо ага чейин аталган тармакты 7 миллион долларга сатып алуу боюнча Кипрден сунуш түшкөн. Кызыгы, ошол эле жылдын 25-декабрында кызматтык жасалма каттын негизинде, директорлор кеңеши аэропортко таандык ишкананын 100 пайыз акциясын 2 миллион доллар арзандатуу менен сатууну чечишкен. Ошонун эртеси, 26-декабрда эле сатып алуу келишимине аэропорттун жетекчисинин колу коюлуп, акчалар бир нече күндүн ичинде аэропорттун эсебинен эки оффшордук компанияга которулган.

Бул экономикалык кылмыштарга шектүү катары кечээ, 30-сентябрда "Манас" аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Б.М. кармалып, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда болсо буга тиешеси бар дагы бир топ адамдарга карата иликтөө жүрүп жатыптыр, арасында Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов да бар.

Белгилей кетсек, 2013-2016-жылдары Албек Ибраимов "Манас" эл аралык аэропортун жетектеп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости