www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда өз учурунда алимент төлөбөй, жашаган дарегин жашырган 398 кишиге издөө жарыяланды. Бул тууралуу тажик өкмөтүнө караштуу Аткаруу кызматынын башчысы Барно Саидвализода билдирди.
Анын айтымында, алимент төлөөдөн качкан дагы 538 кишиге Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси менен кылмыш иши козголду.
"2022-жылы ажырашкан аталардан эне-баланын пайдасына 40 миллион сомониге жакын (4 миң АКШ доллары) алимент өндүрүлгөн. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 46% көп", – деди Саидвализода.
Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда күн сайын 30дан ашык үй-бүлө бузулат. Ажырашууга көбүнчө үй-бүлөгө туугандардын кийлигишүүсү, зомбулук, оор экономикалык абал жана миграция таасир этет.
Булак: NazarNews.kg