www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын түштүк аймактарында жана Сириянын түндүгүндө дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү болгон жана 7,2 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган күчтүү жер титирөөдөн кийин куткаруу операциясы уланууда. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.
Куткаруучулар билдиргендей, шейшемби күнү кечинде Түркияда курман болгондордун саны 5 миң 434кө жетип, 32 миңден ашууну жаракат алган. Жер титирөөнүн кесепетинен 6 миңге жакын имарат, анын ичинде көп кабаттуу үйлөр урап калган.
Коңшу Сирияда кеминде 1712 адам каза болгону белгилүү.
Жалпысынан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жабыркаган аймактарда 23 миллионго жакын адам жашайт. Уюм каза болгондордун жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн экенин эскертти.
Эске салсак, Түркияда Сирияда күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө катталган.
Булак: NazarNews.kg