www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө  назиктиги менен айырмаланган белгилүү ырчы, КР эл артисти Алина Жетигенова менен NazarNews маалымат агенттиги чакан маек курду.

- Саламатсызбы, өзүңүз тууралуу жана сизге бут тоскон же ийгилик жараткан атаандаштык жөнүндө айтып берсеңиз? Негизи эле атаандаштыкка  кандай көз караштасыз?

- Саламатсыздарбы, мени кичинеңден эле жакшы ырдачусуң, коноко барганда ырдап бер десе, эч тартынбай ырдачусуң деп калышат. Мектепте окуп жүргөндө көптөгөн кароо-сынактарга катышып ырдап жүрдүм. 10-классты бүтүп, окууга тапшырууга келгенде ата-энем ырчылыктан башка кесипти танда деп каршы чыгышкан жок. 

Атаандаштык боюнча айтсам, эгерде кесип жактан атаандашуу жакшы деп ойлойм. Биз убагында топ болуп түзүлгөндө бири-бирибизди көз салып турчубуз, жакшы ыр жаздырса, жакшы кийимдерди кийинсе, биз да жакшы кийинебиз, биз да жакшы ырдайбыз деп жакшы жагыбызды көрсүтүүгө аракет кылчубуз.  Ал эми турмушта атаандаштык болгон эмес.

- Чыгармачылык чыйыр жол. Ырчы болуп калганыңызга түрткү берген инсандар?

- Менин чыгармачылыгыма Улукмырза Полотов агайымдын салымы өтө чоң. Ошол агайым эң күчтүү мугалимдерден сабак алууга себепкер болду. Мындан улам ал мени чыгармачылыкка абдан шыктандырды десем болот. 

 - Сахнада жүргөнүңүзгө адашпасам 40 жылга чамалап калды. Ушул аралыкта эмнеге жетиштиңиз, эмнеге жете алган жоксуз?

- Ооба, ушул 40 жыл аралыгында көптөгөн сынактарга катыштым, Советтер Союзу учурунда чоң деңгээлдеги сынактар болчу. Андан тышкары, Орто Азиялык сынакта биринчи орунга ээ болгом. Москвада өткөн бүткүл союздук сынакта үчүнчү орунду  алып келгем. Бирок, эң негизгиси, кыргыз элим баалап, барктап, эмгек сиңирген наамды ыйгарганы мен үчүн бийик сыймык. Болду, бүттү деп токтоп калбайм, канча убакыт берилсе, ошого чейин элим үчүн иштей берем.

- Алмакан деген ысымдан эмне үчүн уялчу элеңиз?

- Чоң ата, чоң апамдын колунда чоңойгом. Атымды чоң апам койгон. Азан чакырылып коюлган атым Алмакан. Бул ысымдан уялбайм. Биз студент кезибизде кыздар менен бири-бирибиздин атыбызды өзгөртүп айтчубуз. Мени Алина деп айтышчу, ошол бойдон Алина болуп калдым.  

- Учурда эмне менен алек болуп жүрөсүз?

- Чыгармачылык адамдар эч качан токтобойт да, менин максатым ушундай, улам жаңы ырларды жаздыруу. Негизи эле мен жаңыланууну жакшы көрөм. Кандай жаңы ырларды ырдап чыксам деген изденүүлөр дайыма болуп турат.

- Рахмат! Иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости