www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунда азык-түлүк аз, жол жабык. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иштеп жатат.

“Учак менен гана азык-түлүктү жеткире алабыз. Кечээ премьер-министр учак менен гана жеткирүү боюнча тапшырма берди. Жарандарыбыз тоолуу райондорго көчүп, ал жакта жашап жатат. Алар дагы кыйналып жатат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 33ү набыт болгон.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости