www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары-дармектер жөнгө салынмай болду. Буга чейин дары-дармектерди ташып келгендер өздөрүнүн каалаган бааларын коюп келишкендери аз келгенсип, өздөрүнүн дарыканаларынан саттырып, дарыгерлерге өздөрүнүн дарыканаларына рецепт жаздырып, калкты кымбаттык менен тушап келишкен. Өз жанынан кимдер аяшсын баалардын кымбаттыгына карабай пациенттер кымбат дарыны алууга мажбур болушкан.

Кыргызстанга медикаменттин 97 пайызы сырттан ташылат. Доллардын баасынын өсүшүнө байлап, дарыканаларда баалар кымбаттаган учурлар байма-бай кездешет.

Кыргызстанда дары-дармектин баасын жөнгө салган убактылуу эреже кабыл алынды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Токтом эки айдан соң күчүнө кирет. Ага чейин баалардын электрондук каталогу түзүлүп, 90 күн аралыгында бардык фармацевттер дарыканалардагы бааларды ошого шайкеш келтирүүгө тийиш.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин дары-дармектин бааларын жөнгө салуу механизмин апробациялоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости