www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу фбдагы достор!!! Менин Азаттыктан чыккан маегимди талкуулап жаткан инсандарга толук ойумду айтып койуну туура көрдүм.

Айтайын дегеним мен жаш кыз эмесмин, жашым жетимиште. Ошону менен бирге эле көчөдөгү ушакты жарыя кылып жүргөн, көчө аялы эмесмин. Мен көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, Кудай буйруса менин небере, чебере, кыбыра, тыбыраларымдын жашоосу жакшы болот экен деп, сүйүнүп, ушул иштин артынан жүрөм. Бул сөз кайдан чыкты деген суроого жооп: Россиядан келген Россиянын жараны Николай ll деген Ак Падышанын Урпактарынын жанында жүргөн Володядан биздин Кыргыз Каганаты тарыхын угуп, картасын көрүп, биздин кыргыздардын тарыхын ар ким ар кандай кылып, өзгөртүп, өздөрүнүн кызыкчылыгына бурмалап жибергендерин укканда каным кайнап, жаным кашайды. Дагы бир жолу ынандым, биз Кыргыздар Улуу тарыхы бар Баатыр Эл экенибизге.  Баарын убакыт көрсөтөт дегендей, Ата Бабалардын Мурасы бизге калганына чексиз шүгүрлөр келтирдим. Биздин маалыматыбыздын  жоктугунан, бүгүнкү күнү көрүнгөн жерде, эптеп жан багып, жүргөнүбүзгө зээним кейиди. Мына ошол Россия жараны Ата Бабалардан калган мурастын документтеринин көчүрмөлөрүн, мөөрү менен көрсөттү. Бул документтердин оригиналы Кремлде болсо, ачкычы кыргыздарда. Документсиз кыргыздар, ачкычсыз орустар ала албайт деди. Мураска тиешелүү документтер Мурасты алууга даярдалып жатат. Быйылкы 2019-жыл Мурасты алуунун жылы. Мурасты алуунун жолдору жана кайда, кантип жумшаларынын проектиси иштелип чыкан. Ал үчүн Кыргыздар бар, тирүү экениңерди тастыкташ үчүн СССРде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн, военный билеттереринин жана комсомолго өткөн билеттеринин копияларын, 3.4 размердеги бир сүрөтүн, телефон номерлерин бериш керек. Эмне үчүн дегенде бүгүнкү биздин паспортто улутту кыргыз деген жок. Паспортуңарда эмне үчүн кыргыз деген улутуңар жоголгонунун түпкү тамырын эми түшүндүңбү деди.  Ж.б.д.у.с. сөздөр көп айтылды. Айткандарынын баарына мен ынандым, ишендим, Кыргыз элинин пайдасын ойлодум, ошондуктан урпактарга жакшы жашоо болсун дедим. Ооба, жакындарым, үй бүлөөм, бүгүнкү күндө биздин Кыргыздар чындыкка караганда жалганга көбүрөөк ишенип, көп жолу алданышып сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичишет болуп калган, кой тынч отур дегендерин укпай, элге бир пайдасы болсун деп, аракет кылып жатам. Жыйынтыгын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Бирок мен токтобойм, чындыкты акырына чыгарам. Ал үчүн сиздердин колдооңуздар керек!!!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости