www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун Жогорку Сотто өткөн сотунан соң, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов,  бүгүн соттор эч кандай реформа жүрбөгөнүн, дагы деле адам укуктары сакталбаганын далилдегенин айтты.

"Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы мыйзамдар иштебегенин, адам укугу сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаев, Чотонов, Жапаровдун иштери саясий, резонанстуу, коомчулуктун көңүлүн бурган, эл аралык институттарда каралып жатат. Бүгүнкү күнү сот мыйзамга баш ийбей, жогору жактын буйругу менен өкүм чыгарганын далилдеди. Бул саясий топтун чечими", - деди Шыкмаматов.

Бүгүн, Жогорку Сотто “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнбек Чотоновдун иши жактоочулардын өтүнүчү менен мыйзамдагы жаңы жагдайлар боюнча каралып жаткан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости