www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке  талапкерлигин койгон, кандай маселе болсо да эч кимге окшобогон өзгөчө пикирин айткан Алмазбек Каримовду кепке тартып, кыргыз сяасатында орун алган айрым жагдайлар тууралуу сүйлөштүк?

-Алмаз мырза, Илмияновго кылмыш ишин козгоор замат кармап келди да, андан мурун качкан Шадиевди  кармап келүү аракети көрүлбөй  жаткансыйт...

-Шадиевдин кылмыштары боюнча шугулданган ведомство ага эмнегедир жумшак мамиле кылып жатышат. Ошон үчүн анын иши созулуп жатат. Илмияновго кылмыш иши ага салыштырмалуу кеч козголгону менен ал  бир жылдан бери байлыгынын баарын ташып, оффшордук эсепке  салып, үй-бүлөсүн Америкага алып чыгып кетип, өзү эч нерсеси жок башкача айтканда, майкачан колго түшүп берди.

 Шадиев да ушул сыяктуу бар байлыгынын баарын оффшордук эсепке салып, бир аз убакыт өткөндөн кийин келиши, колго түшүп бериши мүмкүн.  Бирок, ал келгенче анын тууган-уругу,  партиялаштары жогору жак менен  тил табышып,  аппак бойдон келе турган шарт түзүп коюшу да ыктымал.  Сыягы, канча президенттин тилин тапкан Шадиев бул президент менен да иштешүүнүн жолун табат. Ошон үчүн ага жумшак мамиле жасалып жатат.

Негизи  Кыргызстанда мамлекеттик жумушта иштеп жүрүп байыгандардан жалгыз Шадиев эмес. Андайлар көп. Алар азыркы президентти да курчап алышты.  Президенттин эрки, күчү  жетсе, аны-мунусуна көнбөй андайларды камашы керек эле. Мындайларга катуу чара көрбөсө, кийинки президенттин да тилин таап, баштагы иштерин уланта беришет.

-Эмне үчүн президенттик шайлоодо президентти маарага  сүрөгөн Илмияновго  каражат боюнча айып тагылып, алдамчылык иштер менен алек болгондой сүртүм калтырып жатышат?

-Акча бар жерде чыр чыгат. Илмияновду ишкерден алды деген 150 миң доллар үчүн эле камаган жок. Ал ачыкка чыккан  сумма. Аны  миллиондордун жигин билүү максатында кармашты. Кимдир бирөөлөр менен бөлүшсө, эки жылда кармалды,  камалды деп Акмат Бакиевдей болуп чыгып кетет. Бөлүшпөсө азабын жейт.

-Илмияновду сындыруу үчүн жалгыз камерага камаштыбы же жалгыз камоонун эл билбеген  сыры барбы?

-Жогоруда айткандай чыгарып кеткен каражаттарын артка кайтартып алуу үчүн  аны жалгыз камерага камашса керек. Анткени, алган акчасын мыйзамдуу жол менен кайтарбаса,  кара күчтөрдүн жардамы аркылуу өндүрүүнүн  аракетин көрүшөт. Ошон үчүн аны бөлүп камап жатышкандай. Бул бир жагы. Экинчи жагы, Илмияновго кекенгендер көп. КСДП бийликке келгенде мамлекетке кандай зыян келсе, Илмиянов бийликке аралашканы, жеке ишкерлерге да так ошондой зыян келтирилген. Ага тишин кайрып жүргөндөр ал камакка алынганда баягы ишиң үчүн жооп бересиң деген каттарды киргизиши мүмкүн. Ошондон пайдаланып, жогору жактагылар  аны жалгыз камерага которуп, коркутуп, үркүтүп, партиянын акчасы, алтыны же болбосо тоноп жүргөн акчаларың кайда деп көбүрөөк өндүрүү үчүн ушундай ыкманы колдонушу мүмкүн.

-Президент Сооронбай Жээнбековду президенттик маарага сүйрөгөн  Илмиянов эки достун тирешинин кесепетинен камакка алындыбы же чындап эле мурдагы туура эмес иштери үчүн камалдыбы?

-Менимче, Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тирешинен камакка алынды. Атамбаевди алсыратабыз, былык иштериңди чубап чыгабыз деген максатта Илмиянов камакка алынып, эки достун пикир келишпестигинин курмандыгы болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости