www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке ат салышкан, 8-каналды жетектеген Алмазбек Каримов менен коопсуз шаар, Кыргызстанга 4-вице-премьер министрдин көптүгү тууралуу сүйлөштүк.
-Алмазбек мырза, кечээ эле ишке кирип, бир күндө эле тогуз жарым миллион сомдук айып катталды деген коопсуз шаар долбоору айдоочуларды эреже сактоого аргасыз кылабы же карапайым элдин капчыгын кагабы?
-Коопсуз шаар долбоору өнүккөн мамлекеттердин баарында эле бар. Бирок, коопсуз шаар долбоорундагы айып пулдун өлчөмү башка мамлекеттер менен бирдей болуп калган. Кыргызстанга бул долбоорду киргизип жаткандар элдин канча пенсия жана канча сом айлык алаарын эске албагандай сезилет. Элдин айып пул төлөө мүмкүнчүлүгүн эске албаган үчүн айып пулдун көлөмү пенсия менен орточо айлыктан 100 эсе көп болуп жатат. Коопсуз шаар чыны менен керек. Айдоочулар эреже сактап айдоого үйрөнүшөт, айдоочулук маданият да жогорулайт. Бирок, ошол эле учурда айып пулдун көлөмү да азайышы керек. Бул долбоорду ишке киргизгенде алгач айып пулдарды аздан салып, анан жогорулатышса болмок. Булар аталган долбоор ишке кирээр менен эле олчойгон айып пулдарды жазып, коопсуз шаар долбоорун мамлекеттик рекетке айлантып алышты.
Бул долбоордон азырынча эч нерсе деле өзгөрбөйт. Болгону МАИ кызматындагылар эле пайдасын көрөт. Анткени, коопсуз шаар долбоору көрсөткөн айып пулдарды төлөй турган каражат элде жок.
-Коопсуз шаар долбоору бийликке болгон нааразычылыкты күчөтүп, социалдык жарылууга алып келбейби?
-Бюджет толбой, мамлекет эптеп жан багып жаткандан кийин элдин жашоо шартын эске алып, айып пулдардын өлчөмүн кыскартса болмок. Анткени, машине айдаган кишиде эле айып пул төлөй турган мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан, бул долбоордогу айып пулдарды кайра баштан карап чыгып, азайтышпаса сөзсүз социалдык жарылууга алып келет. Бир күндө 9 жарым миллион сомдук эреже бузуу болсо, бир айда бир канча миллион сом айып пул жазылат. Ал айып пулдар өкмөткө, бюджетке пайда алып келгени менен элдин жонунан кайыш тилгенге барабар болуп калат да элдин чыңалуусун, бийликке болгон нааразычылыгын жогорулатат. Бул бир жагы . экинчи жагы кайырчы өкмөттүн элди тоногондон башка аргасы калган жок. Ушундан көрө кытайдын карызынан кутулганга жардам бергиле деп эсеп ачышса болмок. Мындай биримдиги жок мамлекетке инвесторлор да келбейт. Ишенип акчасын да салбайт. Ошон үчүн өкмөт кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн ушундай жолго барып, айып пул менен бюджетти толтурууга аргасыз болуп жатышат.
-Атамбаевдин кол тийбестигин алабыз деп мыйзам жазып жаткан Исхак Масалиев эмнегедир кайра биринчи окуудан өтүп калган мыйзамды кайра артка чакыртып алыптыр. Ал мыйзамдын кесепети Атамбаевге эле эмес, Сооронбай Жээнбековго да тийиши мүмкүн беле?
-Мыйзам жазып, ал бир окуудан өтүп калганда кайра артка чакыртып алганын мен карга карганын көзүн чукубайт деген накыл кеп менен түшүндүргүм келет. Карга карганын көзүн чукугусу келбеген жагдай жаралганы үчүн аталган мыйзамды артка чакыртып алды. Негизи Кыргызстанда система өзгөрмөйүн карга карганын көзүн чукубаган жагдай орун ала берет. Анткени, бул системада белгилүү гана адамдар байыйт. Бири бирин сатпаганы үчүн бул система жашап келе жатат. Булар кандай кызматка барса канча каражат табаарына чейин билишет. Ошон үчүн заматта мамлекеттик кызматта иштеп жатып миллионерге айланышат. Максим Бакиев таштап кеткен система менен кийинки президенттин ишенген адамдары да абдан байышты. Бажы кызматындагы система да абдан жакшы түзүлгөн үчүн Райым Матраимов да заматта миллионер болуп кетти. Кулматов да Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктады. Кыскасы, булар бири-бирин чукубай эле чогуу иш кылышты. Ошон үчүн бийликтегилер гана байыган, тез эле миллионер болуп кеткен жагдай орун алды. Эл алардын катачылыгын айтканы менен маселе чечилбейт. Кыйкырып эле кала берет. Эл менен эсептешиш үчүн эл мамлекеттин ээси болуп, бийликтегилердин аракеттерине көзөмөл кылышы керек. Элдик көзөмөл болмоюн элди иренжиткен жагдайлар орун ала берет.
-Бюджетти толтура албай турган мезгилде мамлекетке 4 вице-премьер-министр ашыкча эмеспи?
-Кыргызстанга 4 вице-премьер-министр эмес, премьер-министрдин өзүнүн да кереги жок. Себеби, премьер-министр президенттин аппаратын кайталаган эле саясий кызмат. Ошон үчүн бул кызматты жоюп салсак деле болот. Инвестор келбей, экономикабыз төмөндөп, өнүгүү жокко эсе болгон мезгилде 4 вице-премьер-министр чыны менен ашыктык кылат. Бюджетке да күч келтирет. Ошон үчүн бул кызматтарды түп орду менен жоюп салсак деле ашыкча болбойт. Азыркы күндө аты бар бирок, кылган иштеринин дайыны жок вице-премьерлик кызматка иштейин, реформа жасайын, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошоюн дегендерди эмес, бийликке таарынгандардын көңүлүн алам деген адамдарды алып барышат. Алар бири-бирин мактап, бири-биринин тоюна каттап эле жыргап жүрө беришет. Мамлекетти өнүктүрүүнү ойлоп да коюшпайт. Ошон үчүн бюджетке да зыянын тийгиздирбей бири-бирин кайталаган мына ушундай кызматтардын баарын жоюп салсак деле болот.
-Россиянын президенти Владимир Путиндин келээрине туура бир ай калганда неге эки президент Сочиде жолугушту?
-Биз чакан мамлекет болгондуктан, кааласак да, каалабасак да, Россиянын бизге таасири болот. Алар Орто Азиядагы мамлекеттерди тышкы чек ара деп эсептешкендиктен, бизге саясий, гумманитардык жардамдарды берип турушат. Биздин жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү Россияда эмгек мигранты болгондуктан, алардын колдоосуна да муктаж экендигибиз чын. Менимче, Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын алдында эки президенттин Сочидеги жолугушу тынч жашагыла дегендей эле маселелерди талкуулагандай эле кабылдадым. Анткени, эки президенттин жолугушунан глобалдуу маселелерди чечип, чоң келишимдерге кол койгонун деле көрө алган жокмун. Ошондуктан, Путин биздин абалды президенттин өз оозунан угайын десе керек деп ойлоп жатам.
-Бирок, аскердик ишкана куруу маселесин кыйытты го...
-Россияга болгон сырткы мамилелердин кесепетинен Россия Кыргызстанга авиа базаны ачууга аргасыз болушу мүмкүн. Анткени, Кыргызстандын куралдуу күчү да, башкасы да террористтер менен күрөшкөнгө күчү жетпейт. Террористтерден коргонуу же каршы туруу алардын сырткы саясаты деп эсептейм. Кыргызстанда ислам мамлекетинин фанаттары көбөйүп баратат. Сакалчандардын саны кескин түрдө көбөйдү. Кыргызстанда, Россияда, Өзбекстанда тарбияланган фанаттар мигрант катары Россияга да барышат. Ички коопсуздугу үчүн Россиянын базасы түштүккө да куруу зарылчылыгы жаралып жаткандай. Жеке көз карашымда Баткен облусуна орустардын авиа базасын ачса туура эле болот деп ойлойм. Себеби, Ислам радикалдары Афганистан эле эмес, Кыргызстанда да көбөйдү. Жакында террористерге күчтүү мамлекет демөөрчү болсо, ислам мамлекетинин террористтери Кыргызстанга да сокку урушу мүмкүн. Андай жагдай орун алышын каалабаганыбыз менен мындай божомол бар экендиги чындык.
Чынайым Кутманалиева
Булак: "Ачык саясат"