www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бюджетти толтура албай  жатканда өкмөткө 4 вице-премьер министр көптүк кылбайбы?

- Кыргызстанга чакан, кичинекей тажрыйбалуу жана  профессионалдуу иштеген өкмөт керек. Вице-премьерлер тууралуу айта турган болсок,  4 вице-премьер-министр чыны менен көптүк кылат.  Айтайын дегеним, Кыргызстан жакыр мамлекет болгондуктан,  эки миллиард  доллардын тегерегиндеги бюджетине 4 вице-премьер-министрди  кармоо алардын чыгашалары  бюджетке да, экономикага да туура келбейт. Кыргызстанда бир эле адамды вице-премьер кылса жетиштүү.

Дагы вице премьер-министр керек болсо,  министрлердин ичинен деле кылып койсо болот. Мисалы, экономиканы тейлеген  вице премьерди экономика боюнча иштеген министрди, Күч структураны тейлеген вице-премьерди  күч структураны жетектеген вице-премьер-министр кылып койсо болот. Бизде болсо жумушу жок калгандарды эле таарынып калбасын деп вице-премьер-министр кыла беришет. Бул туура эмес.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости