www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Темир Сариев премьер-министр болуп турган учурда машиналарга бажы төлөмүн көтөрүп салгандан улам, мамлекеттке ири өлчөмдө каражат түшпөй калгандыгына байланыштуу бул ишти чыккынчылык катары баалады.
Эл өкүлү бул туурасында: "Бул деген чыккынчылык болот! Билбей жасаган, билбеген киши андай кызматка олтурбаш керек. Мамлекетке канча зыян келтирип жатат? Мына зыян, элге зыян, бгоджетке зыян! Иликтеш керек муну! Эсеп палатасы, Финполиция, Генпрокуратура иликтегиле! Эмне үчүн биздин бажы союзунда жеңилдиктерибиз бар кезинде, 4 жылдан бери пайдаланбай, биздин өлкөгө канчалаган зыян тартты. Мына, коррупция! Иликтегиле ушуну! Болбогон кичине иштер менен алек болбой, мына ушундай масштабы чоң иштерди, шалаакылык, чыккынчылыкты иликтегиле!"- деп агынан жарылды.
Мындай ачуу сындан кийин Сариев: «Сулаймановдун мага карата «чыккынчы» деп айтканы орунсуз сын", - деп айтканга араң жарады.
Булак: "Ачык саясат"