www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Бул маалыматты ал өзү тастыктады.
Бейшеналиев арыз жазганын, президент чечимин колдогонун кошумчалады.
“Ушундай кылууга туура келди. Депутаттар каалады, мен кеттим. Жума күнү депутаттарга бир аз туура эмес жооп берип алдым эле, тажатышты. Айтылган сөзгө жооп бериш керек. Ишемби, жекшемби күндөрү үй-бүлөм менен сүйлөшүп, бир чечимге келдим. Жубайым катуу ооруп жатат, аны карашым керек. Президенттен сурансам ал дагы эс ал деди”, — деп билдирди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, өткөн аптада депутаттар министрдин “Кыргызфармация”, дарыгерлердин айлыгы жана маркумдардын органдарын трансплантациялоо боюнча ишин катуу сынга алышкан.
Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын августуна, 2023-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин министрликти жетектеген.