www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат, ысым актуалдуу маселеге айланып бараткан жокпу?! (Ой жүгүртүп көрүңүзчү?)
Азыркы мезгилде кыргызча ат коюудан баш тартып, башка тилде ат койгондор көбөйдү. Мындан бир аз жыл мурда орус аттарын коюп келишсе, Түрк тилиндеги сериялдарды көрүп туркчө, корей сериялдарын көрүп, корей тилинде аттар коюла баштады эле, эми заман өхзгөрүп, дин басымы күчөй баштаганы арап тилинде аттар көп коюлуп жатат. Ой! Качан туруктуу бир эл болуп, өз тилибизди сыйлап, өз тилибиздеги өз аттарыбызды коер экенбиз?! Же ушунча ээрчиме, арсыз, намыссыз элбизби?!
Макул, уулуңузга Мухаммед деп ат койдуңуз. Туура, жакшы тилек менен пайгамбардын атын койдунуз. Бирок бул ысымды алып жүргөндөрдун баары эле ал атты таза сактай алабы?! Кудай анын бетин нары кылсын, эгер кийин ал кылмышкер болуп чыксачы?! Анда кандай болот?! Же ыйыктыкка ошондой мамиле кыла берсе болобу?! Жакында кытай-кыргыз темир жолун курабыз деп жатышат. Курулуп калса кытай көбөйөрү белгилүү. Анда эмне кытайча ат кое баштайбызбы?! Айтор, ат маселеси өтө ойлоно турган жоопкерчиликтүү маселе! Ат, ысым адамдын улуттук өзгөчөлүгүн, касиетин, тилин таанытып, сактап турушу керек го акыры!
САК БОЛ УУЛУМ!
Ат кой уулум, өз элиңдин тилинде!
Көрүнгөндү ээрчий берип бүлүнбө!
Сен кыргызсың! Мына ушуну унутпа!
Өзгө алдында кулдай кулап, жүгүнбө!
Анык кыргыз уулу тура дегидей!
Өз элиңдин наркын көтөр, кемибей!
Аты-жөнүң өз тилиңде коюлсун!
Аталардын салтын көтөр, жерибей!
Көөдөнүңдө коркок сезим болбосун!
Тамырыңда кыргыз каны ойносун!
Калкыбыздын нарк-дөөлөтү дегенде,
Милдет сага эл-намысын коргошуң!
Сак бол балам! “Кебез менен сойбосун!”
“Чыккынчылар” эсиңди алып койбосун!
Атыңды уурдап, акырындап отуруп,
Кыргызыңдын тилин түгөл жойбосун!!!
Ат кой уулум, өз элиңдин тилинде!
Көрүнгөндү ээрчий берип бүлүнбө!
Сен кыргызсың! Мына ушуну унутпа!
Өзгө алдында кулдай кулап, жүгүнбө!
Булак: NazarNews.kg