www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Колорадо штатында сот 19 жашар Натали Боллинжердин өлүмүнө шектүү жаранды 48 жылга эркинен ажыратты.
Кылмышкер сотто "Натали өз өлүмүн өзү уюштуруп, буйрутма кылган, мен аны өз каалоосу менен өлтүргөм" - деди.
Натали Боллинжер 2017-жылдын декабрь айында жоголуп кетип, көп өтпөй анын жансыз денеси токойдон табылган. Анын өлүмүнө шектелип кармалган 23 жаштагы Жозеф Лопес кыздын жарыясын интернет сайттардын биринен окуган.
"Сайттан "өз өлүмүмдү буйрутма кылам" деген жарыя окуп калдым. Атымды өзгөртүп алып, жарыянын ээсине жаздым. 2017-жылдын 28-декабрында Боллинжерге болжошкон жерден жолугуп алып кеттим. Токойго келгенче өлүмдөн кайт деп көндүрүп келе жаттым. Ал макул болгон жок. Эл жок жерге келгенде өзү менен ала келген тапанчасын мага берди. Мен аны атып өлтүрүп, ошол жерге таштап кетип калдым", - деп көрсөтмө берген Лопес.
Полиция кызматкерлери маркумдун телефонунан кылмышкер менен жазышкан жүздөгөн билдирүүлөрдү табышкан. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгында кыздын канын текшерүүдөн соң, өлүмгө алып келе турган дозада героин колдонгону аныкталган.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен Жозеф Лопести адам өлтүрүүнүн 2-баскычында күнөөлүү деп табышкан. Бул баскычта айып тагылган кылмышкер өлүм жазасынан куткарылып, бир нече жылга кесилет. Лопес 48 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg