www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Досумду президент кылып элып келгеним үчүн кыргыз элинен кечирим сурайм" деген экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү баштаган командасынын былык иштери биринин артынан бири ачыкталып жатканына, козголгон кылмыш иштер менен камалган командасы аткаруучулар болуп, баардык иштер өзүн көздөй багыт алып баратканына чыдабай, бүгүнкү бийликти жамандап, өзүн куугунтук көргөн байкуш көрсөтүп жатпайбы. Анын арманын уккан кишинин боору оорубай койбойт да. Бул эми Атамбаевдин мыкты артист экенинен кабар берет.
Бирок, канчалык кыйын артист болбосун, Атамбаев кайра мурунку калыбына келе албайт. Муну өзү дагы жакшы билет эмеспи. Эл алдына чыгып, куугунтук көрүп жаткандай түр көрсөткөнү, өзүнүн келечегине кам көргөнү. Мурунку досторуна коңгуроо чалганы. Атамбаевдин ишенгени Россиянын Бажы кызматынын мурунку башчысы Андрей Бельянинов экени белгилүү. Путинге дагы Бельянинов аркылуу кирип турганы айтылган. Путин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келгенде, Атамбаев экөө жолугушат деген маалымат тараган.
Бул "Форум" тараптан чыккан маалымат болгонун баары эле билишкен. Путин Атамбаев менен жолугушмак түгүл, атын атабай кете берди. Бирок, Атамбаевдин досу Андрей Бельянинов жолугуп, Путинге телефон чалып "Сиздин бир кездеги досуңуз менен олтурам. Сүйлөшүп коесузбу?" деп телефондон суйлөштүргөнү сөз болууда. Путиндин сапарынан кийин дагы Бельянинов Кыргызстанга түштөн кийин саат үчтөрдө учуп келип, Атамбаев менен 4 сааттай сүйлөшүп, кайра эле кечки тогуздарда учуп кеткени маалым болууда.
Андрей бул жолку келишинде "Алмаз досум, публикага чыгып алып ар нерсени сүйлөй бербей тынч олтур. Парламенттик шайлоого даярдан, биз сага жардам беребиз. Азыр коштоп жүргөндөр менен эч жакка бара албайсың, күчтүү команда даярда " деп айтып кеткенин эшиттик. Атамбаевге кирип чыккандар дагы "Мага орустар жардам бермей болду" деп жыргап олтурат дешүүдө. Экс-президенттин тынч олтуруп калганынын себеби ушунда жаткандай.
Булак: "Жаңы Ордо"