www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 17-январда борбор калаабызда антикытай митинги өтүп жатат. Митингде алып баруучулук кызматты Аманбол Бабакулов аткарууда.
Бугүнкү митингдин модераторун, Фейсбуктагы “Чыркыраган чындык” тайпасы, бул жигит кадимки укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын күйөө баласы болот. Ал эми Токтайым айым болсо экс-президент А. Атамбаевдин кызыкчылыгында иш алып барган укук коргоочу экенин билбеген адам жок. Ал убагында УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев аркылуу АШАнын арыгын чапчу. Демек, бүгүнкү митингдин автору дагы, демөөрчүсү дагы экс-президент Алмазбек Атамбаев экенин эми эч ким жаап-жашыра албай калды. Өзү бийликте турганда Кыргызстандын Кытай өлкөсүнүн алдындагы карызын 7 эсеге көбөйтүп коюп, эми бүгүн антикытай митингдерин уюштуруп аткан экс-ажонун бети беш кабат экен деп турат элибиз. «Кредит алгандан коркпош керек, кредит албагыла деп аткандар эл душмандары» деп жүргөн Атамбаев бүгүн өзү ошондой талаптарды койгон митингдерди уюштурууда. Демек, өзүнүн сөзү менен айтканда эми ал өзү эл душманы болуп атабы?, - деп жазып чыкты.
Белгилей кетсек, митингдин катышуучуларына Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, консулдук департаменттин мүдүрү Алмаз Имангазиев, акыркы 2017-18-жылдын ичинде Кыргызстанга 10 миң эле кытай кирип чыккандыгын кабарлады.
Булак: NazarNews.kg