www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анжиян облусунда 31 жаштагы жергиликтүү тургун Хушнуд Гойибназаров күйүктөн алган жаратынан улам ооруканада каза болду. 21-январда ал үйүн конфискациялоого келген Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлеринин көзүнчө өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" жазып чыкты.

Өткөн жумада маркумдун эжеси Гульбахор Омонова иниси Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери андан үйүн бошотуп берүүсүн талап кылгандан кийин өзүнө өрт койгонун билдирген.

– 2013-жылы анын үйү күрөөгө коюлуп, башка бирөөнө өтүп кеткен экен. Иним суукта кайда барам деп жума күнгө чейин убакыт берүүнү суранган. Бирок инспекторлор макул болбой коюшкан, андан соң ал үстүнө бензин чачып, өрт койгон,— деген эжеси.

26-январда Effect.uz сайты Мажбурлап аткартуу бюросунун бул окуя боюнча билдирүүсүн жарыялады.

— Бюро соттун чечимдерин талкуулабайт. Инспекторлор мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдерин аткарууга милдеттүү», – деп жазылган билдирүүдө.

Учурда Анжиян райондук прокуратурасы Гойибназаровдун өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Акыркы жылдары Өзбекстанда кыймылсыз мүлкүн коргоо үчүн жарандар өзүнө өрт койгон учурлар көп катталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости