www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтылуу генерал Курсан Асанов ИИМдин орун басары болуп отурганына сегиз жыл болду (мыйзамга ылайык ротация төрт жылда экенин эскертебиз). Отурган креслосу деле жешилип, жыдып бүткөнү качан?
Анан калса, Жогорку Кеңешке байма-бай каттаган «дүжүр» генералга айланьш алганычы? Депутаттар деле Курсандын «фокус-мокустарына» көнүп бүтүшкөн, көп деле кыйнаган суроолорду беришпейт. Үстүртөн гана божурамайлар.
Ал ЖКга барган сайын кандай суроо болбосун, «териштиребиз, мыйзам чегинде каралат, эске алабыз...» сыяктуу тапталган ж.б. жорумдар. Жайкайтда жигит, жайкайт, кайкып учканга канаты гана жок.
Баса, бир курдай кара тору Курсан акабыз ИИМдин билимдүү ардагерине чалып, «Шамке, полиция менен милициянын кандай айырмасы бар? Айта салыңызчы, журналисттерге интервью бергени жаткам...» деп боорду эзиптир.
Мындай юморлорун санап отурсак, Апендини да «ыйлатчудай». Айтор, душманды деле күлдүрүп, бапылдаган тили менен оңой эле маанай өзгөртүп, тамашага чалгандын устасы болуп алган эй! Абдылда куудулду чаңында калтырып, саал «кыйнай» баштаганьш байкап жүрөбүз.
Эмесе, кичине ИИМден эс алып, театргабарып, оң-сол каармандын ролун жаратып турса кандай, ыя? Тарых үчүн кинолорго тартылып. Генералдыкка жеткенден кийин «Эл артистин» алуу кеп бекен?..
Акын БЕКЧОРОЕВ
Булак:АЗИЯnews