www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков коомчулукка “чоңдордун” кол алдында шыйпаңдаган жетекчилердин кейиштүү образын көрсөттү. Ал өз оозу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин “уруп-сабаганын” тастыктап, буга ыраазы экенин жарыялады. 

Ооба, туура уктуңуз. Шаар мэри аны уруп, тилдеген жетекчиге ыраазы. Бул кырдаал – кыргыз чиновнигинин ички эркиндиги кандай деңгээлге түшкөнүн чагылдырган күзгү десек жарашат. Эң өкүнүчтүүсү, кызмат үчүн адамдык абийиринен кечкен кул мүнөздүктүн айкын мисалын айгинелеген кейиштүү көрүнүшкө күбө болдук. Мэр болуу – кошоматчы, кулмүнөздүк эмес, шаар тургундарынын кызыкчылыгын коргоочу жоопкерчиликтүү милдет. 

Арийне, бул окуя коомчулукту ойго салууга тийиш. Бул – кооптуу прецедент. Дегенибиз, Ормоковдун жоругу ар-намысын жоготуп болсо дагы кызматын ордун сактап калуу маанилүү экенин далилдеген пастыктын үлгүсү болду. Ал башка жетекчилерге, чиновниктерге “жогору жакта урса да унчукпа, кызмат үчүн баарына чыда” деген кыйыр сабак берди. Кыргызстан – демократиялык, укуктук мамлекет деп жарыяланган.

Андыктан, мындай өлкөдө зомбулук, өзүмбилемдик, авторитаризм жана кошоматчылык сыяктуу терс көрүнүштөр четке кагылышы керек эле... Бирок Ормоков аны жокко чыгарды. 

 

Последние новости