www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жергиликтүү «авторитеттердин» өз ара тирешүүсү сүйлөшүүлөрдүн нугуна түшөт деп үмүттөнөм, ошондо гана бул конфликтти толугу менен чечүүгө болот» деп комментарийледи Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов кыргыз - тажик чек арасынын талаштуу участогунда чыккан жаңжалды.

«Ушундай деңгээлдеги жолугушууда гана чек ара проблемаларынын чечилишин күтсө болот» дейт эксперт. Ал чыр-чатактар токтобой жатканынын себебин Советтер союзу ыдырагандан кийин эки республиканын чек аралары «шартуу түрдө гана белгиленгендиги» менен түшүндүрдү. Эксперттин пикири боюнча, бул жолку атышуу Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилеринин жолугушуусунун алдында болгону кокусунан эмес, бул атайылап уюштурулган провокация.

Дубновдун айтымында, мындай деңгээлдеги чыр-чатактарды президенттер эмес, «жерди, сууну, соода байланыштарын көзөмөлдөгөн» жергиликтүү жамааттардын лидерлери гана чече алышат. «Мындай талаш участоктордун башын ачууда территорияларды алмаштыруу жалпы таанылган методика болуп эсептелет, бирок, алар маселе ушундай жол менен чечилишине кызыкдар эмес» деп божомолдойт эксперт.

«Бул нагыз ички проблема, анын артында эч кандай сырткы күчтөр турган жери жок. Мунун баары турмуш-тирчиликтик разборкалардын деңгээлинде болуп жатат» дейт Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүн изилдөө борборунун эксперти Семен Багдасаров. Дубновдон айырмаланып, Бангдасаров чек арадагы жаңжалды жергиликтүү ак-сакалдар эмес, президентгер жөнгө салат деп үмүттөнгөнүн билдирди, - дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости