www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 25-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кант авиабазасы аркылуу учуп кетти. Ага кошумча бүгүн, 25-июлда кайтып келе тургандыгын кабарлады. Бирок ринг.кж сайты Атамбаевди Орусияга эмес Казанга кеткенин кабарлады.
Негизи Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр жаз мезгилинин аягында башталган.
ШОС саммитине Россиянын Президенти В.В. Путин келгенде Бельянинов Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барып, телефон аркылуу Путинге “Эски досуңуз менен сүйлөшөсүзбү” деп байланышат.
Путин Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей турганын билдирип, жолугушуудан баш тартып койгон. Бельянинов Кремлдин таасирдүүлөрү менен Атамбаевди Кыргызстандан чыгарып кетүү үчүн иш алып барат. Кремлдин адамдары Москвага эмес, Татарстандын борбору Казань шаарына бара беришин, ал жактагы Икрам Илмиянов Раиса Атамбаева үчүн салган жаңы хансарайда жашай берсе болорун айтышат.
Бул сунушту уккан Атамбаев “Мен эч жакка кетпейм. Сокенин түбүнө жетем. Силер эмне десеңер баарын аткарып келбедим беле. Менин Путинге жолуктуруу бир сунушумду аткарбайсыңарбы…” деп жинденет. Кой-Таштагы үйүнө таш төктүрүп, “Эч жакка кетпейм, ушул жерде болом” деп жар салганы да ошондон улам.
Кол тийбестиги алынып, Батукаев боюнча камалгандардын баары өзүнө карата түз көрсөтмө берип, тергөөгө биринчи жолу чакыруу келгенде, орустарга болгон ачуусу тарап, кайра сүйлөшүүгө чыгат. Ортодо жубайы Раиса Атамбаеванын рейдерлик топтун башында турганын соттордун “Кудайы” болгон Манас Арабаев берген көрсөтмөсүндө ачык айтканы КТРКдан жалпы коомчулукка жарыяланат. Арабаевдин көрсөтмөсүнөн кийин Раиса Минахмедовнага дагы күбө катары тергөөгө чакыруу келе турганы маалым болот.
Андрей Бельянинов сүйлөшүүлөрдү тездетип, Путиндин өзүнө “Эски дос Атамбаевди алып чыгып кеткенге уруксат бериңиз… Башка маселе болбойт” деп салам айттырат. Салам Владимир Владимировичге жетип, ал “Атамбаев менен жеке жолугушуу болбойт. Кыргыз бийлиги аны камайбыз деп жатса, биз аны менен жолугушсак, Грузия менен Украинадагы абал Бишкекте жаралышы мүмкүн. Кыргыз активисттери бизге каршы саясатын күчөтөт. Чыгам десе, өзү салдырган Казандагы үйүнө тынч чыга берсин” деген команда берет.
Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга жасаган иш сапарынан келе жатып, Путин менен жолугушканы кыргыз коомчулугунда чоң талкууга алынат. Эки президенттин жолугушуусунда Атамбаевдин тагдырын талкууланып, Жээнбеков өзү дагы Атамбаевди алып чыгып кетүүгө макулдугун берет.
Өткөн аптада Бишкекке орустардын атайын кызматынын онго жетпеген адамдары келишип, Атамбаевди кандай кылып алып кетүү боюнча иштеп башташкан. Сүйлөшүүлөр жүрүп, Атамбаев Казанга барууга макул болгон. Учуп кетүү 24-июлга пландаштырылат. “Манас” аба майданынан катардагы рейс менен учуу болбойт. Орустар атайын учак жөнөтүшөт. Атамбаевдин өлкөдөн чыгышы, Азиз Батукаевдин сценарийи менен жүрө турган болууда. Мурунку президенттин “2 күндөн кийин кайта келем” деп айтканы чындыкка дал келбейт. Кайра Кыргызстанга качан кайта турганы боюнча сүйлөшүү жүргөн эмес.
Ал эми, айрым маалыматтарга таянсак мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине негизги себепкер экендиги айтылууда.
Эске сала кетсек, ушул жылы 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Атамбаевге кылмыш иши козголуп, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча үч жолу Атамбаевди суракка чакырылганы менен барбай койгон. Так ушул таптарда Атамбаевдин “келет же келбейт” деген талкуу социалдык тармактарда күчөдү.
Булак: NazarNews.kg