www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албек Ибраимов деген Бишкек мэри болгон, Арыз жазганда коррупция деген “гарыбсыя” деп жазып, бир сөздөн толтура ката кетирген. Абылгазиев жакын тууганын “Кыргызкөмүрдүн” Башкы директорунун биринчи орунбасарлыгына алып келиптир.Мына калыстык үчүн документтерине көз жүгүртөлү. Эмгек китепчесинде бул шордуу Балыкчыда “склад башчысынан” жогору көтөрүлбөптүр.
Еврейлер айткандай жегенге склад башчысы мыкты кызмат эмеспи. Уялбай билими “Выше” экен, ушундай да билим барбы деп 2-класстын окуучусунан сурасак, “Высшее” же “Жогорку” болушу мүмкүн дейт. Абылгазиев алып келген склад башчысы Жекшенов Талант Табылбекович кызматка алыш үчүн “Зоявлении” жазыптыр, мамлекеттик кыргыз тилинде жазып келатып, орусча мыкты билем дегениби “Иссик-Куль”, “дөлшност” дегендерди жазыптыр. “Иссик-Кулу” Ысык - Көл болсо керек, “дөлшност” дегени эмне экенин таппай башыбыз маң.
Сабатсыз склад башчысы түз эле кыргыз элин көмүр менен камсыз кылган “Кыргызкөмүрдү” тейлеп калыптыр. Жакында кыш келатат, учурунда Сапар Исаков ТЭЦке көңүл бурбай кырсыктап, азабын Атамбаев ушул күнгө чейин тартып келатат. Эми ушундай склад башчысы Абылгазиевге таянып алып, президент Жээнбековго көлөкө түшүрө тургандай.
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, жолуңуз болсун, мына кышка камылганы азыртан көрүш керек, эгерде кышында элге көмүр жетпей ызы-чуу болсо наалатын сизге айтат, эл убалы сизде калат. Мындай кадрлар тууралуу ачык айтылып эле келатат, сиздин бажаларыңыз, жээниңиз Ирсалиев Дүйшөн сабатын, сапатын карабай капчыгын карап келатканы элге белгилүү. Сиз аларды тыйып койгондун ордуна элге өчөшкөнсүп, аларга жан тартып турасыз. “Уялбагандан өзүң уял” –дейт, тууганыңыз болсо да сабаттуу, сапаттуулардан жетекчи койсоңуз боло, талаадан таап келгенсип ката кетирген адамдарга бийликти жык толтурбай.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»