www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Патриот" конгресстик-көргөзмө борборунда "Армия-2023" аскердик-техникалык эл аралык форумунун илимий-иштиктүү программасы соңуна чыкты. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги берип билдирет.
Маалыматка ылайык, анын алкагында 15 миңден ашык адис 260тан ашуун иш-чарага катышты.
"Форумдун илимий-иштиктүү программасына 260тан ашык иш-чара камтылды. 182 тегерек стол, 24 бирифинг, 33 конференция, 21 ведомстволор аралык жыйын өттү. 2023-жылы илимий-иштиктүү программанын алкагында 1 023 доктор жана 2 132 илимдин кандидаты иш-чараларга катышты. 56 министрлик менен ведомстволор, Коргонуу министрлигинин 66 аскердик башкармалыгы, аларга баш ийген окуу жайлар жана илим-изилдөөчү уюмдар уюштуруу иштерин аткарышты", - дешти министрликтен.
Жыйынтыктоочу жыйында Россиянын Коргонуу министрлигинин инновациялык өнүктүрүү башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Александр Осадчук сөз сүйлөдү. Жыйынга РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-илимий комитетинин төрагасынын орун басары, генерал-майор Владислав Черкасов, коргонуу министринин кеңешчиси Андрей Ильницкий, РФтин Инновациялык өнүктүрүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юрий Веселов, "Эл аралык конгресстер жана көргөзмөлөр" АКнын аткаруучу директору Артур Байрамов катышты.
"Форумдагы илимий-иштиктүү программага 15 миңден ашык адам катышты. Алардын үч миңден ашыгы жогорку квалификацияуу адистер болду", - деп айтылат маалыматта.
"Армия-2023" илимий-иштиктүү программасы илимий жана эксперттик коомчулукту аскердик коопсуздукту, аскердик илим багытын, техника менен технологияны өнүктүрүүнү талкуулоого тартууга багытталган.
"Форум өтүп жаткан учурда "ПСБ Патриот" мейманкана комплексинин базасында эл аралык коопсуздук боюнча 11-Москва конференциясы уюштурулду. 18-августта Беларусь Республикасынын аймагында алгачкы ирет 2-Эл аралык антифашисттик конгресс өттү", - дешти ведомстводон.
Илимий-иштиктүү программалар иш-чарасында төмөнкү багыттар камтылды: медицина, робототехника, жасалма интеллект, пилотсуз авиация, ата мекендик электрондук компетенттүү база, информатика, эсептөө техникасы жана башкалар.
Программанын жыйынтыгы боюнча Россиянын Коргонуу министрлигинин Инновациялык өнүктүрүү башкы башкармалыгы "Армия-2023" аскердик-техникалык эл аралык форумунун илимий-иштиктүү программасынын докладдар жыйнагын басып чыгарат.
Булак: NazarNews.kg