www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артем Новиков: «Кумшекер арзандады»

Кант заводдору кумшекердин сатык баасын төмөндөттү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда заводдор кумшекердин килограммын 55,5 сомдон сатууда.

«Өсүмдүк майына жана кумшекерге баанын олуттуу өсүшү байкалды. Экономика жана финансы министрлиги аталган азыкка бааларды жөнгө салуу боюнча токтом киргизди. Азыр документтерге премьер-министр кол коюп жатат. 15-майдан 20-сентябрга чейин 40 миң тонна кумшекер үчүн импорттоодогу алымды алып салуу боюнча келишим түзүлгөн. Бул калктын ички муктаждыгынын 30-35 пайызын түзөт. Кайыңды менен Канттын кампаларында 18 миң тонна кумшекер бар. Бул сумма жакынкы айларга болгон муктаждыкты жабат. Кумшекер заводдору менен кумшекерди дүңүнөн сатуу баасын төмөндөтүү боюнча келишим түзүлүп, эми анын баасы 55,5 сомго чейин арзандады», — деди Артем Новиков.

Эске салсак, бир ай мурун кумшекердин баасы орто эсеп менен 64,36 сом болуп, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 10,14 сомго же 19 пайызга кымбаттаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости