www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылы январь-апрель айларында 11 миллиард 640 миллион сом чогултту. Бул тууралуу вице-премьер-министр Артем Новиков бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Маалыматка ылайык, бул каражат планда көрсөтүлгөндөн кыйла аз.
Өлкө казынасына каражаттын көпчүлүк бөлүгү Мамлекеттик салык кызматы менен Бажы кызматынан түшөт.
2021-жылга карата Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом деп кабыл алынган. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 8 млрд. 463 млн. сом.
Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу ишкерлик токтоп, чек аралар жабылып эки тармактан тең салык аз чогултулган жана жыл аягында бюджеттин таңкыстыгы 30 млрд. сомго жеткен.
Булак: NazarNews.kg