www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы диний радикализмдин курчуп баратышы, талибдер менен кызматташуу кооптондурбайбы? Бул жагынан бийликке кандай сунуш-пикир айтасыз?

 -- Туура, Кыргызстанда диний радикализм акыркы 5-6 жыл ичинде курчуп баратат. Ага мисал, баарыбыз билебиз, Жакынкы Чыгышта, Сирияда согуш болуп турганда Кыргызстандан миңдеген биздин жаш улан-кыздарыбыз ар кандай жол менен ал жакка кетип, террордук уюмдарга кирип алып, кылмыш кылып жүргөн.

Мисалы, кишилерди өлтүрүшүп, ар кандай террордук акцияларга кошулган учурларын айталы. Ошол эле улан-кыздарыбыз Сириядан кийин башка мамлекеттерге, анын ичинде Ооганстанга оогон жагдайлары да байкалган.

Ошону менен бирге диний радикализмди ыйык тутуп, аны менен кошо “Халифат”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы”, “Джихад уюмунун бирикмелерин” түзүп, акыркы убакта Борбор Азияда диний радикализмдин тарашына түрткү болгон учурлар кездешет. Талибан бийликке келди, алар жөн эле талибдер эмес, эл аралык деңгээлде белгиленген террордук кыймыл болуп эсептелет.

Ал тууралуу БУУда тактап айтылган. Биздин мыйзамдар боюнча талибдерге Кыргызстанда тыюу салынган. Бирок ушу террордук топтор бийликке келгенден кийин көптөгөн активисттер, дин менен шугулданган саясатчылар аларды колдоп, куттуктаган учурлар социалдык тармактарда жүрөт.

Алардын идеяларын жактырып, кызматташуу жагын караштырып аткандар да жок эмес. Террордук, ислам динин жамынган “Талибан” кыймылы Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия мамлекеттерине өз таасирин тийгизе баштады. Келечекте эч ким кепилдик бере албайт, ушулардын идеясына, жасаган иштерине, диндик экстремисттик кадамдарга барбайт деп.

Бийлик бүгүнкү күндө бу жагынан жөн гана кооптонуп турбастан, алдын ала тактоо, аныктоо, көзөмөлгө алуу боюнча профилактика иштерин жүргүзүп, эгер бул боюнча ачык маалымат чыгып, билинип калган учурда тезинен териштирип, тийешелүү чараларды көрүп, жоопко тартуу жана баардык ыкмаларды колдонуш керек. Диний радикализм бүгүнкү күндө абдан коркунучтуу! Себеби, диний радикализмдин таянычы, алдындагы желеги – бул террордук “Талибан” кыймылы болуп эсептеле баштады.

Булак: Азия News гезити

Последние новости