www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азырынча коррупцияга айыпталып аткан чиновниктердин иштери боюнча таккесе бүтүм чыгара албайбыз. Сот гана баа берет. Эгерде сот адилетсиз болсо, анда мезгил таразалайт. Эмнеси болсо да, «ак» менен «караны» ажыратууга убакыт бар.

Бишкек ЖЭБи боюнча башкы күнөөлүүлөрдүн бири катары Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Бирок, ЖМКларда
аны сүттөн ак, кардан таза катары сүрөттөшүүдө. «Коомчулукту көндүрөлү» дешкенби? Кызык. Эгерде Артыкбаев жакында бошоп кетсе, анда бийликтин кадыры кетет. Кылмышка шектүү катары кармалгандан кийин башка айыпталуучулардай эле иши калыс каралышы керек. Ансыз да коррупцияга шектүүлөрдүн арасында түндүк-түштүк маселесин да айрымдар оюн кылышууда…

Ал эми ЖЭБдеги коррупциялык иштердин тергөөсү буга чейин бүткөнү эсибизде, учурда Свердлов райондук сотунда Исаков, Сатыбалдиев, Биримкулов, Байгончоков, Авазов, Лаврова (бул айым үй камагында) ж.б. процесстери болууда. Биздин байкаганыбызга караганда, жалгыз гана Жантөрө Сатыбалдиевдин духу жогору экени, акыры жеңишке жетери, ошондой эле ак жеринен караланып атканын айтып, демдүү таризде жүзүн көрсөтүүдө. Сырттан баамдагандар «анык карышкыр турбайбы» дешип, баш чайкап турушат.

Акын Бекчороев

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости