www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арыктоо үчүн туура тамактануу

Туура тамактануу – бардык оорулардын алдын алып, ден соолугуңузду чыңдайт.

Туура тамактануу – канчалаган диеталарды кармап, бирок арыктай албай жүргөн болсоңуз, арыктоого шарт түзөт. Кыскасы, туура тамактануу – сиздин узак жашооңуздун кепилдиги.

Тоок пирогу

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 500 г

Кефир: 1 стакан (200 мл)

Жумуртка: 1 даана

Катуу сыр: 100 г

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Бул пирогду жасоо абдан жөнөкөй. Тооктун этин алгач кесимдерге бөлүп аласыз. Аларды блендерге салып, үстүнө кефирди куюп майдалайсыз. Жумуртканы чагып, татымына жараша туз, мурч кошуп дагы аралаштырасыз. Орточо суюктуктагы аралашма пайда болууга тийиш. Аралашманы калыпка куюп, 150 градус температурадагы духовкага коёсуз. 30 мүнөттө пирог даяр болот. Бышарына 5 мүнөт калганда алып чыгып кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелеп, кайра салып коёсуз.

Помидор кошулган булгур

Кандай азыктар керек?

Суу: 400 г

Помидор: 2-3 даана

Булгур (түрк даны): 200 г

Болгар калемпири: 1 даана

Пияз: 1 баш

Сарымсак: 1 тишче

Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

Томат: 1 чоң кашык

Туз, мурч

Петрушка

Кантип жасалат?

Кайнак сууну помидордун үстүнө куюп жиберип кабыгын сыйрыйсыз да, орточо көлөмдө чарчы кылып туурайсыз. Болгар калемпиринин ичин тазалап, аны да ошондой көлөмдө туурайсыз. Пияз менен сарымсакты майда туурайсыз. Кызып турган майга алгач пиязды салып кызарта кууруйсуз. Ага помидор менен болгар калемпирин, сарымсакты жана томатты кошосуз. Татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, орточо отто 15 мүнөт демдеп коёсуз. Андан кийин жуулган булгурду жашылчаларга кошуп, булгурду толук көмгүдөй кылып суу куясыз да, дагы 15 мүнөт демдеп коёсуз. Тамакты тарелкага салган соң майдаланган петрушканы бетине себелеп коёсуз.

Тоок колбасасы

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 500 г

Жумуртка: 1 даана

Каймакмай: 50 г

Сүт: 100 мл

Туз, мурч, кориандр

Кантип жасалат?

Тооктун этин кесимдерге бөлүп алып блендерде майдалайсыз. Жумуртканы, сүттү, каймакмайды да дароо кошуп алыңыз. Татымына жараша туз, мурч, кориандрды кошосуз. Фарш даяр болду, эми колбасаны жасоо керек. Ал үчүн столдун үстүнө тамак-аш плёнкасын жайып алып, ага 2 чоң кашык фарш саласыз. Плёнканы үч кабат кылып оройсуз, ал эми колбасанын көлөмү өзүңүз каалаган өлчөмдө болот. Плёнканын учтарын бууп, түйүп же жип менен байлап коёсуз. Колбасаларды плёнкага оролгон калыбында мискейдеги сууга салып 15 мүнөт кайнатып, муздаган соң тоңдургучка салып койсоңуз болот. Каалаган убагыңызда алып чыгын плёнкасын сыйрып, кууруп, духовкага бышырып же сууга кайнатып гарнир менен жесеңиз болот.

Кабак пюреси

Кандай азыктар керек?

Кабак: 4 даана

Пияз: 2 даана

Сарымсак: 1 тишче

Майлуулугу аз сливки: 150 мл

Лимон ширеси: 1 чай кашык

Зайтун майы

Туз, мурч

Көк чөп

Кантип жасалат?

Пияз, сарымсак, кабакты өзүңүз каалаган өлчөмдө туурап, кызып турган майга салып кууруйсуз. Андан кийин көмгүдөй кылып ысык суу куюп 10 мүнөт кайнатасыз. Эми блендерге салып пюре кылып эзесиз. Сливкини куюп, татымына жараша туз, мурч саласыз. Пюрени кайра отко коюп кайнаганга чейин жеткиресиз, бирок кайнатпайсыз. Лимон ширесин кошуп жакшылап аралаштырып коёсуз. Даяр болгон пюрени майда тууралган көк чөптөр менен кооздойсуз.

Булак: Леди.kg

 

Последние новости