www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Токтогул менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде 90-жылдары жазуучулар үчүн жети кабаттуу, көп батирлүү үй курулуп бүтмөк. Ошол кезде өкмөттөн 50 миллион рубль насыя берилген. Бул акча көп батирлүү үйдөн сырткары басмаканага да жетмек.

Алмазбек Атамбаев Адабий фонддо 1989-жылдан бери төрага. Атамбаев Жакшылыков жана маркум дагы бир жазуучу буга түздөн-түз тиешеси бар экендигин айткан. Атамбаев ошондой эле, буга кылмыш ишин ачылбай калгандыгынын себеби Жакшылыков ошол кезде Акаев менен тыгыз мамиледе болгондугун баса белгилеп айтты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев чириген бай экендиги коомчулукка маалым. Түркиядагы анын бизнеси бар экендигин да эл билет. Былтыр ал 111 миң миллион сом киреше тапкан.

- Жети кабаттуу индивидуалдык планда курулган үй эле. Токтогул менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде 50 миллион рубль насыяга берилген. Азыр менин ичим күйөт. 1-кабатын китеп дүкөнүн кылабыз деп кыялданчук. Ал кыялыбыз орундалбай калды, - деп кейийт Асан Жакшылыков.

УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү менен бизнесине байланыштуу жагдайларды териштирип жатат.

Мурдагы мамлекет башчы бай экенин, алгачкы миллионун 90-жылдардын башында эле тапканын, элден озунуп "Мерседес" мингенин, китеп басып чыгарып байыганы айтып жүрөт.

Бирок, мындан күмөн санагандардын катары калың, айрыкча ушул тушта анын мүлкүнө байланыштуу уу-дуу кеп күчөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости