www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туубаса укук коргоочу Турсунбек Акун менен чуу жараткан президенттик шайлоодо орун алган деген “шайлоо кассасы” боюнча баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
-Турсунбек мырза, шайлоо кассасын Ички иштер министрлиги иликтөөгө алганы маалым болду. Алар чын-бышыгын аныктаарына көзүңүз жетеби?
-Шайлоо кассасын ИИМ иликтөөгө алганы жакшы болду. Антпесе, ал нерсе коомчулукту дүрбөтүп, жагымсыз жагдай жаратып жатат. Негизи ал нерсеге анчалык деле маани бербей, капарыбызга албай деле койсок болмок. Бирок, оппозициялык көз караштагы саясатчылар, журналисттер эмнегедир ошол нерсеге басым кылып, аныгына жеткилери келип жатат. Ошон үчүн Ички иштер министрлиги тыкыр иликтеп, бул маселеге чекит коюшу керек.
-Бул иштин артында эки президентти кайраштырууну көздөгөндөр турган жокпу?
-Мен андай ойдон алысмын. Бул иштин артында Фарид Ниязов турганы, “шайлоо кассасы” анын катардагы шоусу экени айдан ачык эле көрүнүп турбайбы. Барынан кызыгы, эгер шайлоодо ошондой мыйзамсыздыкка жол берилген болсо, неге ошол мезгилде айтышкан эмес. Алар Сооронбай Шарипович өз алдынча иштеп, Атамбаевдин диктовкасына көнбөй койгону үчүн коомчулуктү дүрбөткөн маалыматты Сапар Исаковго адвокаты болгон, мурун укук коргоочулардын катарында жүргөн Нурбек Токтакуновго жарыялатышты.
Мунун баары кара пиар. Алар элдин ишенимине кире баштаган Сооронбай Шариповичке коомчулукта терс пикир жаратуу үчүн ушул нерсени ойлоп табышкан. Эл ишенип калсын деген таризде КСДПнын эсепчисин да уулу менен Кыргызтандан чыгарып жиберип, анын өмүрү коркунучта деген да маалымат таркатууга үлгүрүштү.
Эгер Токтакунов жарыялаган маалымат чын болсо, эсепчисин качырбай эле далилдетүүгө аракет кылышмак. Чындыкка дал келбеген нерсе болгон үчүн аны качырып жиберишти.
Чынында КСДПнын эсепчиси Кыргызстанда болсо деле ага эч кандай терс мамиле болмок эмес. Азыркы бийлик каардуу эмес экенин, ыңгайы келсе эле камай салайын деген көз караштан алыс экенин Кылыч Султанов деле жазды го. Ал да Кыргызстанга келсем камап салат деп кооптонгом. Бирок, камаган жок. Азыр баштагыдай эле ээн эркин эле жүргөнүн айтты го.
-Эгер ал маалымат чын болсо, ким жоопко тартылышы керек?
-Биринчиден, мен чын экенинен күмөн санайм. Экинчиден, каражат маселеси менен шайлоодо Сооронбай Шарипович алек болбогонун билем. Мен билгени Сооронбай Шарипович эл менен гана жолукканды билген. Бардык иштин баарын Фарид Ниязов бүткөргөн. Сооронбай Жээнбеков Нарынга барганда анын жанында жүрдүм. Ош жакка да барайынбы десем, “аны Фаридден сураш керек” деди. Кыскасы, шайлоодо акчанын кайда, канча жумшалаарын Фарид Ниязов менен Илмиянов чечкен. Ошон үчүн ушул экөөнү жоопко тартыш керек.
-Дайынсыз жоголуп, Кытай лагеринде камакка алынды деген боордошторубузга кол сунуп, жардам кыла алабызбы же Кытай каалагандай калчайт деп кол куушуруп отура беребизби?
-Жолдошум эки жылдан бери дайынсыз деген бир келинди анан кытайдын жарандыгын өткөрүп, Кыргызстандын жарандыгын алганы үчүн бир тууганыбыз камалды деген төрт жигитти кабыл алдым. Маселе оңой эмес экенин билдим. Себеби, ал жакта камакка алынган айрым жарандарыбыз үчүн адилет карап, туура чечим кабыл алып бергиле дешибиз мүмкүн. Бирок, кытайдагы кыргыздарга анчейин кирише албайбыз. Себеби, алар биздин боордошторубуз болгону менен алар Кытайдын жарандары. Ошондуктан, бул маселе абдан татаал жана кийлигишкенибиз опурталдуу болуп калат. Ошон үчүн кытайдагы бардык кыргыздар үчүн сүйлөшө албасак да, камалып жаткан кыргызстандык жарандар үчүн үн катышыбыз керек.
Кытай дүйнөдөгү үч чоң державанын бирөөсү. Алар Кыргызстанды эле эмес, ООНду евросоюзду деле укпайм десе укпай коёт. Ошондой болсо да, катуу кетпей, бирок дипломатиянын алкагында жарандарыбыз үчүн тынчсызданып жатканыбызды билдиришибиз керек.
-Жогору жактан аракеттер болуп жатабы же кытай тилибизди укпайт, алардын жинине тийип албашыбыз керек деп үн катуудан кооптонуп жатышабы?
-Тышкы иштер министрлиги болгон аракетти жумшап жатканын уктум. Жогорку жак деле тынчсызданып жатыптыр. Бул иште кылдат болбосок, катуу кетсек камактагы боордошторубузга, мекендештерибизге пайдасынан зыянын көп тийгизип алышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн дипломатиянын тили менен чечкенге аракет кылышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg