www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мугалимдик кесипти аркалап жүргөнүмө 17 жыл болду. Азыркы маданиятка салымын кошкон Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттердин көпчүлүгү Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетин бүтүрүшкөн. Мен 2008-жылдан баштап аталган окуу жайдын "Социалдык маданий ишмер" факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн деканымын.

Андан сырткары улуу ага окутуучу болуп "Сахнада туура сүйлөө", "Сахнадагы туура кыймыл-аракет", "рекреалогия", "эстрада жанрында ырдоо" сабактарынан бердим. Чыңгыз Мырзаев, Нурзат Токтосунова, Нена быйыл бүтүрдү, Съездбек Искеналиев, Сайкал Садыбакасова, Айгерим Расул кызы, учурда Нурмат Садыров, Ильяз Андаш окуп жатышат,Ташкент кызы Гүл окуп жатып окуусун таштап кетти, Султан Садыралиев 14 жылдан бери окуп жатат, буюрса, эмдиги жылы бүтөт деген ишенимдемин. "Жебе" тобундагы эки жигит да менин колумдан чыккан балдар.

Айтор, көп белгилүүлөр биздин факультеттен учуп чыгып кетишти. Биз жалаң таланттуу балдар менен иштешкендиктен окууга алып жатканда эле таланты, чымыны барларды карайбыз. Анан айрым ата-энелер "балам укмуш бийлейт, ырдайт" деп эле алып келе беришет. Чынында ырдап, бийлеп койсо эле укмуш таланттуу болуп кетпейт. Университетте теорияны, практиканы үйрөнөт. Кээ бир студенттер ойлойт окшойт, Искусство университети болсо эле ырдап, бийлеп жүрө беребиз деп.

Лунара Бекиева

Булак: "Леди кж"

Последние новости