www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент республикада гана эмес, тышкы чоң өлкөлөргө иш сапар менен барганда да өзүнүн бай экендигин, Кыргызстанда биринчилерден болуп “Мерседестүү” болгондугун, эки революция жасагандыгын, керек болсо, үчүнчүсүн жасай тургандыгын айтып ызырынып алчу. Бул жерде революциялар жөнүндө сөз кылбайлы, чын эле анын оюнда үчүнчү төңкөрүш жасап, бийликти кайра алуу планында бар экен, анысы ишке ашпады.

Илгери бир адам дөөгүрсүгөн баласына, “абайла балам, төшү түктүүгө жолугуп калбагын” деп эскерткендей, АША да төшү түктүүгө жолугуп, өзү эңсегендей, Ак үйдүн жетинчи кабатындагы диванда чалкалабастан, жер төлөдө парашканы кайтарып отурат. Ар жагын укук коргоо органдары чечишет. Кайрадан АШАнын байлыгы жөнүндөгү икаяларга кайрылсак, ал Индияга барып, бизнесмендер менен жолукканда “Мерседесин” айтып киргенде, аны башкалар кандай кабыл алышканын билбейм, кара жашикти карап отургандардын көпчүлүгүнүн уялгандыктан беттери ысып кеткен.

Нормалдуу адам, анын үстүнө жарды да болсо бир мамлекеттин жетекчиси араларында миллиарддаган долларлык байлыктары, менчик супер “Боингдери” бар ишкерлер отурган жерде да өзүнүн бир убакта “Мерседестүү” болгонун айтып мактанчу беле. Андай сөздөр менен азыр Чаткалдын же Ак-Талаанын бир бурчундагы коделектерди минип жарышып жүргөн шыр мурун балдарды деле таң калтыра албайсың. Андай сөздөрдүн ички дүң жыйымы триллиондогон долларларды чапчыган, заманбап технологияларды чыгарып жаткан өлкөнүн аудиториясында айтылганы өтө эле ыңгайсыз угулган. В.Путин АША жөнүндө “эмне кылабыз, такой, как он есть” деп айткандай, “кудай муну ушинтип жаратып койсо, эмне кылабыз?”- деп тим болгонбуз.Чын эле кудай кылганга кубарыңдын акысы барбы? АША аны менен да чектелген жок, мурда эле бай болгондугун Россияга, батыш Европага барганда да айта берди. Анын сырын эми түшүнүп жатабыз.

Көрсө, бир жагынан, күтүүсүз күргүчтөп келген ондогон миллион долларларга мас болуп, кубанычы ашып-ташып, ичине батпай, тилин кытыгылап тынчын алып жиберсе, экинчи жагынан, “кийин мынча байлыкты кайдан тапканымды элге кантип түшүндүрөм”- деген ой кетип, “андан көрө ыгы келсе да, келбесе да кулак кагыш кылып, элди психологиялык жактан “Атамбаев мурда эле бай болчу” деген версияга көндүрө берейин”,- деген турбайбы. Анын китептерди чыгарып сатып, Түркияда бизнес кылып байыгандыгы жөнүндө айткандарынын бардыгы жалган экендигин Э.Байсалов баштагандар ынанымдуу документтер аркылуу ырасташты. Чын эле АШАнын оозунан бийликке келгенге чейин бай экендиги тууралуу бир да сөз чыккан эмес. Анан президент болуп иштегендигине 2-3 жыл болгондон кийин эле өзүнүн мультимиллионер экендигин айта баштады. АШАнын жазуучулардын 60 миллионун ап эткенден бери оокаттуу болуп жүргөндүгү талашсыз, бирок чыгымдары да аз болгон эмес, канчалаган шайлоолорго катышты. Ал аз келгенсип сатып алган ишканаларынын бирин да иштете албады, салыктарын төлөй албай жүргөн учурлары да болду. Алардан арткандарын митингдерге, пикеттерге жумшап келди. Албетте, аны мурда кедей болгон деп айтууга болбойт, бирок өзү кийин мактана баштагандай, өтө бай да болгон эмес.

Башкы прокуратура АШАнын банктардагы 25 эсеби камакка алынгандыгын маалымдады, бирок аларда канча каражат тургандыгы айтылбады. Бирок, алар күндөлүк муктаждыктарды тейлөөчү “карточкалардан” экендиги, чыныгы салмактуу, көлөмдүү миллиондор башка жактарга катылгандыгы эч кимде шек туудурбайт деп ойлойбуз. Укук коргоо органдары аларды табыша алабы же Акаевдин, Бакиевдин миллиондорундай болуп айтылып, жазылып кала береби? Акаев менен Бакиев качып кетишип, миллиондордун эсебинен королдордой жыргап жашап жатышат. Бакиев Урицкий экөөсү жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан фабрика да ачышты. Ал эми АША тергөөчүлөрдүн колдорунда.

Ынандырганга көнбөсө, мажбурлап жадатып отуруп да болсо, алардын даректерин билгенге болот. Эгерде кызматташканга барбаса, жакшы сөздөргө көнбөсө, эрежелерге баш ийбесе, укук коргоо органдарынын адекваттуу чектөө чараларын колдонгонго укуктары бар. Ага жеткенде АША көк шиберлүү алма бактын булбулундай сайрап кириши толук ыктымал, - дейт “Майдан. kg” гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости