www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Ошол эле китепте жазылгандай, М. Шеримкуловго Ак үйден телефон чалышып: "Президент Аскар Акаевич бир киши менен барып, Исановдун жесирине көңүл айтканы жатышат. Азыр барсак ыңгайлуу болобу?" - дейт. Бир аз убакыттан кийин Акаев боз үй жанына бирштейн менен чогуу келди..." - деп жазат.
- Туура, Медеткан Шеримкулов китебинде кандай жазса, өзүнүн жеке көз карашы, эрки деп билем. Кыргызстандагы белгилүү инсан. Эмнени жазса да өз укугу, акысы бар. Ал эми маркумдун үйүнө барып, анын жубайына, балдар-кыздарына көңүл айтып, эң оор учурда аза кайгысын бөлүшүп коюу, бул кыргыз элинин тарыхындагы байыртадан келе жаткан салты деп билем. Биз ошол ата-бабабыздан келе жаткан парзды гана аткардык, анын эмнеси туура эмес экен.
Эми кээ бир адамдар бейиши болгур Насирдин Исановдун өлүмүн да мага жа быштырып келишет. Ар кандай ушак сөз дөрдү, имиштерди ойлоп таап айткандан тажашбай, элдин башын айландырышып, менин да жүрөгүмдү оорутуп келишет. Насирдин Исановдун көзү өткөнүнө ушунча жыл өтүп кетсе да ушул ушак сөздөр мени көлөкөдөй ээрчип келет. Азыр да айтып коёюн, баары калп! Менин душмандарым Бишкекте тынч жатышпай, Насирдин Исановдун арбагын кайра-кайра козгошуп, маселе көтөрүшүп, менден өч алабыз деп келишет. Аларга айтарым, силерди Кудайга койдум! Маркум Насирдин Исановдун арбагын тынч койгулачы! Көрүндө тынч жатсынчы!
- Аскар Акаевич, сиздин Бирштейн менен болгон мамилеңиз качан аяктады?
- Санжар Айтматов "Сиабекону" жана "Камекону" таап келишти. Бул үчүн мен дайыма аларга ырахмат деп келем. Биздин парламенттин бут тосконуна карабай бир проектибиз акырындык менен иштей баштады. "Камекону таап келгенде биз абдан сүйүндүк. Кыргызстан менен байланыштырып бергени үчүн алар "Камекодон" ала турганын алышты да. Ортомчу фирма катары өз пайдасын сөзсүз көрсө керек деген ойдомун. Бул деген дүйнөлүк тажрыйбада бар нерсе. Айтып коеюн, Кыргызстандан бир тыйын да алышкан жок. Бирштейн өзүнүн маңдай акысын "Камекодон" алды деп ойлойм. Инвесторсуз эми экономиканы өстүрүү, өнүктүрүү эч мүмкүн эмес. Кыргызстан үчүн азыр сырттан инвестор алмайын, экономиканы эч качан көтөрүп, бул тунгуюктан чыгара албайбыз. Биз Бирштейн менен толук бир жылдай иштештик. "Камекодон кийин башка тармактарга "Сиабеко" жардам көрсөтө албады. Мен ошондон кийин "Кыргызстан Сиабеко" биргелешкен ишканасын жаап, ишин токтоттук. Бирштейнге байланыштуу ар кандай токулган жөө жомоктор ошону менен аяктады.
- Өлкөбүздү бир топ жылдар бою башкарган Турдакун Усубалиев, Рамазан Дырылдаев ж.б. көрүнүктүү инсандар парламентте "Алтын чыры" боюнча масе ле көтөрүп чыгышкан эле. Алардын жазган далилдүү макалалары "Свободные горы" газетасына (парламенттин органы болгон "Эркин-Тоо" гезитинин орус тилин деги тиркемеси болчу) жарыяланып турду. Ак үйдүн буйругу менен "Свободные горы" гезити жабылганы белгилүү. Бирок, акыркы кезде эл арасында айтылып жүргөндөй, кийинчерээк Т. Усубалиев баштагыдай сизге оппозиция болбой калган. Анткени, элдин арасында Усубалиевдин баласынын чоң суммадагы акча карызын бийлик чечип бергенден кийин Турдакун мырза сизге оппозиция болбой калган дешет. Ошондон кийин "Алтын чыры" парламентте көтөрүлбөй, басылып калган деген маалыматтар айтылып келет. Ушундай айтылган сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Биринчи эле ошол кездеги парламент депутаттары "Кумтер" боюнча генералдык келишимге каршы чыгышып, Чыңгышевди премьер-министрлик кызматтан yy кетиришти. Ооба, Турдакун Усубалиевич ошол кезде мага каршы чыккан депутаттык оппозициянын көрүнүктүүлөрүнүн бири болчу. Мага каршы болгондор акырындап Турдакун Усубалиевдин айланасына чогула башташты. Бул киши биз баштаган реформалык иштердин баарысына каршы чыгып, оппозициянын анабашында турду. Ал эми Швейцарияга кеткен алтын боюнча да өзүнчө айтып берем. Мен эч качан Турдакун Усубалиевичке да, Абсамат Масалиевичдей кадырлуу аксакалдарыбызга бир дагы ирет каяша, жаман сөз айтканым ЖОК. Баарын айтып, аракет жасап түшүндүрдүм. Бирок айла жок экен, Турдакун Усубалиевич баары бир көп нерсеге "макул эмесмин!" деп жүрдү. Мен деле Турдакун Усубалиевичке, анын айткан сындарына туура эле түшүнүп жаттым. Анткени, ушулардын баарын курууга совет доорунда өзү катышкан, эмгеги, өмүрү да кеткенин билем. Ал киши өзүнүн жаштыгы менен өткөн жигердүү доорунун заматта талкаланганына өкүнүп, ошого кейип жатты да. Эми ачыгын айтканда совет доорун мен талкалаган жокмун да. Турдакун Усубалиевич ГЭСтерди, башка дагы канчалаган ири заводдор, фабрикаларды, Бишкек шаарындагы Ак үй, филармония, тарых музейи, агропромдун имаратын, "Ала-Тоо", "Жеңиш" аянттарын, Ош базарын курууда, дагы башка ири курулуштардын башында өзү туруп ополтоодой чоң эмгек жасаганы чын. Коммунисттик системасынын талкаланып жатканын кечире албады. Мен аксакалыбызды туура түшүнүү менен анын айткан ар бир сөзүнө чыдадым, көтөрдүм. Анан эле Турдакун Усубалиевичтин мааракеси келип калып, ал кишинин көп жылдык эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын баатыры деген эң жогорку наамды берип, алтын жылдыз ды көкүрөгүнө тактым. Ал эми сен айткан баласынын иштерин, олчойгон карызын мен билбейт экенмин. Турдакун Усубалиевич мага оппонент болду деп айтсам жарашат. "Алтын" комиссиясынын башында Турдакун Усубалиевич өзү турду. Турдакун Усубалиев "биз өз алтыныбызды өзүбүздүн Турда кучубуз менен казып алсак болот эле! - деп чыккан депутат болчу.
- Турдакун Усубалиев деле мындай "жылуу” мамилени күтпөсө керек? Анткени, убагында башка республикалардын жетекчилеринин алды эки, уч ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамды алган кезде, Турдакун Усубалиевич ала өзү албай калган өкүтү бар эле...
- Ооба, өкүнүчтүүсү совет мезгилинде Москва Усубалиедин эмгегин баалабай койгону кейиштүү болгон. Чынында Турдакун Усубалиев күткөн эмес экен, аны да ал өзү айтты. Өзү да мага жолукканда "Мен үчүн, чынында кутуусуз болду. Ырахмат Аскар Акаевич, өзүбүзчө мамлекет болуп, анан мен герой болом деп эч ойлогон эмес элем" - деп бир толкунданып жылуу сөз дөрүн айтып, мага жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Мен чынында Турдакун Усубалиевичтин колунда бир күн да иштеген адам эмесмин. Болгону, ага карата көп жыл өлкөбүздү башкарган жетекчи катары, аксакалдык жеке урматым, сыйым бар эле. Мен ошол атуулдук милдетимден кутулдум деп ойлойм. Эмгек, кайсы бир күнү ээсин табарына ынандым. Эми ал кишинин өлкөбүздүн алдында өтө чоң эмгеги, мээнети бар адам, жыйырма беш жыл өлкөнү башкарды. Башында айткандай, "Алтын чыры” маселесинде мага каршы бекем турган депутат эле. Бирок, Усубалиевдин өлкө алдындагы эмгеги чоң болчу, мен ошол жагын эстедим. Алтын комиссиясынын башында ал киши турду. Бирок, кийин Турдакун Усубалиевич өзү жибип, "Айла жок экен, түшүнүп жатам, бирок макул эмесмин. Бүт дүйнө жүзү ушул жолду тандап, ошол жол менен кетип бараткан тура, мен да оппоненттен, сторонникке өтөмүн!" - деп жылмайып айтканы эсимде калыптыр. Жанагы, азыр элибизге жарык берип жаткан ГЭСтердин баары ошол зор инсаныбыздын мезгилин де салынган эмеспи. Азыр, ушуга удаа эле бир окуяны эстеп кеттим...
Анда Усубалиев кызматтан кетип, Масалиевдин доору жүрүп жаткан кез. Турдакун Усубалиевичти компартиянын катарынан чыгара турган оор маселе күн тартибине коюлуп калды. Бул боюнча биздин деле бир аз кабарыбыз бар эле. Борбордук комитетте секретариат болду. Столдун четинде катчылар, кечээ эле Усубалиев өзү өстүргөн бакандай болгон кадрлар, соратниктери Масалиев, Жумагулов, Аманбаев жана башкалар тизилип отурушту. Ошол жыйында, Усубалиевди партиянын катарынан чыгаруу маселеси коюлду. Мен да ошол жерде жыйынга катышып отургам. Мен үчүн өтө кайгырa турган көрүнүш болду. Кечээ эле ушул кишилер Усубалиевдин айтканы айткан, дегени деген болуп, сөзүн эки кыла албаган. Бир кезде өзү өстүргөн, ишенген кадрлары турушту. Бечара Турдакун Усубалиевичти ит талагандай эле кылышты го. Турдакун Усубалиевичке абдан оор болду, мен аны көрүп отуруп аяп кеттим. Биз бөлүм баш чылар, мен, Шеримкулов жана башкалар ошол жердеги өтүп жаткан жыйынга катышып отурган элек. Жыйындан кийин Турдакун Усубалиев адамдардан корунуп, четтеп калды. Кечээ эле жанында жүрген адамдар акырындап, анын жанынан качып кете башташты. Өзу койкоюп, жалгыз калды. Турдакун Усубалиевичтин эрки аябай күчтүү экен. Турду. Эч сырын билгизбей, эмоцияга алдырбады. Жыйын бүткөн соң Турдакун Усубалиевичти колтуктап алып өзүмдүн кабинетиме алып келип, чай куюп бердим. Түнөрүп, унчукпай отуруп чай ичти. Көптөн бери ичилбей жүргөн бир бөтөлкө коньягым бар эле, Турдакун Усубалиевич жүздөн алсакпы деп айттым. Ал киши каршы болгон жок, коньяктан экөөбүз алдык. Кыйратып деле сүйлөшө алган жокмун. Мен ал кишини узатып койдум.
Байкуш, эптеп-септеп өзүнө мүнөздүү жай басыгы менен үйүнө кетти. Турдакун Усубалиевдин аянычтуу бул акыбалын көрүп өтө өкүндүм, жаман абалда калдым. Өмүр бою ушул компартияга ак кызмат кылган Турдакун Усубалиевге да ушу мамиле кылышабы дедим. Ал үчүн компартиянын катарынан чыгуу абдан оор болуп, жүрөгүнө катуу тийди. Мен Кыргызстанды жыйырма беш жыл башкарган Турдакун Усубалиев менен ушундай курч абалда алгач ирет жолуктум.
Буга чейин Усубалиев экөөбүз такыр жолукпаптырбыз. Ушундай залкар инсан менен биринчи ирет жолугушуум болчу. Мен башында айтканымдай Усубалиевдин колунда бир күн да иштеген эмес элем. Кийин мен ал киши менен парламентте кез-кез жолугуп журдум.
- 205-жылы революция болуп, башыңызга оор иш түшкөн кезде сиз "баатыр" кылган Усубалиев ооз ачып колдоп койгонго жарабады окшойт...
- Эми Бекен иним баарыбыз пендебиз го. Менин эч кимге таарынычым да, капачылыгым да жок. Өтөөр өттү, кетээр кетти го. Мен деле алардай болгум келип, тун бир убакка чейин кабинетимде иштечүмүн. Кандай болгон күндө да Турдакун Усубалиев кыргыз эли үчүн эмгеги өткөн, улуу инсан...
- Усубалиев менен Масалиев экөөнө тең бир эле учурда "Кыргыз республикасынын баатыры" деген наамды берип койсоңуз болмок экен деп кеттим...
- Туура айтасың, мен Абсамат Масалиевичти да унуткан жокмун. Мен бул эки залкар адамды эч качан күнөөлөгөн жок мун. Сыйлап гана жүрдүм. Абсамат Маса лиевичке "Манас" орденин бердим. Менин Масалиевге да баатырлыкты берейин де ген жакшы ойлорум бар эле, болгону ошол кунгө үлгүрбөй калдым. Бул кишилер өмүр бою партия, эл үчүн эмгектенүү менен гана жашады. Ошон үчүн буларга мен сын да айта албаймын. Убагында мен Абсамат Масалиевичтин колунда БКда (Борбордук Комитетте) секретариатта үч жылдай иштеп калдым. Алардын Ысык-Көлдөгү дачаларын, машиналарын өздөрүнө калтырдым. Бала бакыраларына эч кимди тийгизген жокмун. Экөөнүн тең душмандары бар эле, менин колум менен өчүн алабыз деген адамдар көп болчу. Эң өкүнүчтүү жери, ошол эки ак сакал өстүргөн кадрлар, депутаттар, мурун чоң кызматтарда иштеген адамдар, алардан өчүн алабыз дешип, мага көп келишчү. Бекен иним, буга чейин эч кимге айтпай кел ген бир сырым бар эле, ошону сага айтып берейин. Республиканы башкарып турганда Турдакун Усубалиевич да, Абсамат Маса лиевич да убагында колдорунда эбегейсиз Бийлиги бар болгон кезде көбүн кызматтан айдашкан болчу да. Экөөнөн тең өч алабыз дегендер жетиштүү эле. Алар мага "Аскар каевич, мына сиз жасап жаткан реформаларыңызга каршы турган Турдакун Усубалиев менен лиев менен Абсамат Масалиевдер экени белгилүү. Бул экөө бут тосушуп, ушулар башында турушуп, аткара турган реформа ларыныз ишке ашпай, булар сизге каршы ар кандай кутумдарды уюштуруп жатышат. Булардын артында да бир топ иштери бар. Биз аларды жакшы билебиз, буйрук эле берип койсоңуз жетет, биз булардын сазайын колуна беребиз, экөөнүн тең сазайын бере турган учуру келди. Эртең эле момурайып отуруп калышат" - дешип канча айтышты. Мен аларга силердин айткан сөзүңөрдү мен укканым жок, экинчи буга окшогон маселе менен мага келбегиле. Эч качан бул эки ка дырлуу аксакалдарыбызга кол тийгизбейм деп көп жолу айтканмын. Ошонумду аткар дым. Эми аттарын айтпай эле коёюн, өздөрүнүн өчтөрүн алабыз дегендери чындап көп болгон. Эми менин колум менен өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашырабыз деп ойлошкон да.
- Сиздин колуңуз менен чок кармай быз дешкен экен да? Албетте...
- Мен "Кыргыз руху" гезитинде иштеп жүргөн кезде Абсамат Масалиевдин үйүнө ошол кездеги редакторум Султан Раев, белгилүү акын Эгемберди Эрматов болуп ба рып калдык. Абсамат Масалиевичтин апасы сөрүдө эс алып отурган экен, Президенттик шайлоо жакында эле өткөн кез болчу. Анан мен жөн отурбай "Апа, жакында эле президенттик шайлоо болду, сиз кимге добуш бердиниз?" - деп сурап калдым. Абсамат Масалиевичтин апасы эч ойлонбой туруп "Мен бул президенттик шайлоодо өз добушумду Аскар Акаевге берип, анын талапкерлигин колдоп бердим"- десе болобу. Биз чынында мындай жоопту күткөн эмес элек. Өзүнүн баласы президенттикке коюп жатса, Акаевге добушун берет деген эмнеси деп таң калып отуруп калдык.
Булак: Жаңы Ордо гезити