www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы айларда Индия Кытай менен болгон чек арасына 50 миңге жакын аскерин жайгаштырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, Индиянын Коргоо министрлиги аскерлерин жана аба күчтөрүнүн бөлүктөрүн бир нече чек ара аймактарына жайгаштырган. Жалпысынан Кытай менен чек арада 200 миңге жакын индиялык аскер бар. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 40 пайызга көп.

Ошол эле учурда Кытай Индия жана Гималай менен чек араны кайтарууга жооптуу кошумча күчтөрдү жөнөткөнү такталган. Мындан тышкары Кытай чек арага жакын аймакка бункерлерди жана аэродромдорду куруп жатканы айтылды. Бирок бул боюнча расмий комментарий азырынча жок.

Былтыр июнь айында Индиянын Ладакх провинциясындагы Кытай менен болгон чек арада эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алып, анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болгондугу кабарланган. Өз кезегинде Бириккен улуттар уюму эки өлкөнү сабырдуу болууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости