www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкер Аскар Салымбеков Бишкекте жеке жогорку окуу жайын ачты. Бул тууралуу маалыматты “Дордой” бирикмеси өзүнүн сайтына жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, жаңы жогорку окуу жайы “Салымбеков Университет” деп аталат. Окуу жай Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан. Университетте окуу мурун эле башталган, бирок анын ачылышы кечээ, 25-ноябрда болду. 

Учурда университетте бир эле медициналык факультет бар. Университеттин Facebook барачасында жарыялангандай факультетте окуу баасы 1350 доллар. Ал жакта көбүнчө Пакистандан келген студенттер окуйт. Кийинки жылдан баштап техникалык факультетти да ачуу пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости