www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге Кайрылуусу тууралуу активист Аскат Тейитти кепке тарттык.

--Райымбек Матраимовдун Кайрылуусун экс-президент кандай кабыл алды деп ойлойсуз?

--Атамбаевдин Раим Матраимовго карата жасаган жоругу - баягы карабай койсоң үрүп, бурулуп тап берсең куйругун кыпчып качкан иттей эле болду.  Тактап айтайын, Атамбаевди ит деген жокмун, ит менен салыштырдым. Сөзүмө далил болсун үчүн төмөндөгүлөрдү мисал кылайын:

Президенттиктен кеткенден кийин көп убакыт массалык маалымат каражаттарына чыккан жок. Биринчи жолу өткөн жылы көрүнгөндө, сөзүн так ушул Раим Матраимов менен баштап, Матраимовду каралоо менен бүтүрөт.

Бул жылы дагы коомчулукка чыккан сайын Раим Матраимов тууралуу сөз кылып жатты. Мындан тышкары Форумдан айлык алып иштегендер, Форумдагы фэйктер Раим Матраимовду шыбап, азыркы президентке жармаштырууга аракет жасашты.

Атамбаевдин эсине жара чыга элек болсо, Раим Матраимовдун кызматтан кызматка көтөрүлүшү 2010-2017-ж.ж аралыгы болду. Бул учурда Алмазбек Атамбаев президент болуп, өлкөнү өзү каалагандай калчап турган.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден бери Раим Матраимов кызматсыз жүрөт. Бирок, ага карабай Атамбаев каразгөйлүк менен Жээнбековго жабыштыргысы келүүдө. Мейли, бул экинчи маселе, мен жанагы үрөнөөк ит жөнүндө баштабадым беле, ошону улантайын. Ошентип, телеге чыкса дагы, элге чыкса дагы Раим миллон деп айтуудан тажабаган Атамбаевге Раим миллион катуу жооп берди.

--Демек, мурдагы президенттин Матраимовдордун үй-бүлөөсүнө шек келтиргенин кандай түшунсөк болот?

--Мурдагы жакшы мамилебизди, энемдин колунан чай ичип, бата алганыңызды эске алып унчукпай жаттым эле, чектен ашып кеттиңиз, эми мен дагы татыктуу жооп берем. Маалыматтар бар, күрөшүүгө күчүм жетет!-деп катуу жооп алгандан кийин, Атамбаев кирерге ийин таппай, алиги куйругун арткы такымга кыпчып, кыңшылап качкан иттей болуп унчукпай калды.

--Эмне себептен Атамбаев, Матраимовго үн ката алган жок.

--Алкынып жаткан Атамбаевдин абалы ушул экен, болгондо дагы чыканактай эки кыздын юбкасына кире качты. Ап, бечара! Алыңа карап кыйкырсаң болмок! Раим Матраимов жөнүндө көптөгөн ушактарды өзү оозу менен айтып, жооп алгандан кийин үн катууга духу жетпей жашынып калганына жол болсун! Муну мырзачылык дебейт. Атамбаевге караганда Кундуз Жолдубаева эркек экен, намыс талашып жүрөт.

--Матраимовдо Атамабаев тууралуу көптөгөн компромат бар экени айтылып жүрөт...

--Атамбаевдин деле абалын түшүнсө болот. Матраимовго теңелип каяша кылайын десе, тиги "миллион" катуу жооп аласың деди. Демек, Матраимовдо көп компроматтар бар. Ошого Атамбаев бир жерин "кысып" калды. Унчукпай койсо мынтип элдер "Кундуздун этегине кире качты, өля, өля"-деп шылдыңдап жатат. Ооз ачайын десе Матраимовдун компроматтарынын алдында калат. Ошон үчүн кыргызда, ".......   кыскан бай болот!"-деп коет. Сыйдан кетип, мынтип шерменде болуп, аксакал болуп акыл айтчу кезинде, "Кундуздун юбкасына жашынган айныган чал" деп атка конуп отурат. Мындан кийин, Атамбаевди "юбкачан чал" деп атайт элдер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости