www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаардык соту жергиликтүү тургунду дарыкананы тоногон деген айып менен күнөөлүү деп тапты.

Айыпталуучу К.З.К. өз күнөөсүн мойнуна алып, 2019-жылдын 12-мартында анын балдары ооруп, ал дарыга акча издеп чыккан. Акча табалбай, танышына жолугуп калып аны менен сыра ичишет.

Айыпталуучунун айтымында, ал караңгы кирип калганда, “Айболит” дарыканасына кирип, акчасы жок экенин айтып,курткасын таштап карызга дары берип туруусун өтүнөт. Дарыканачы баш тартат. Анан сыртка чыгып, бир аздан кийин кайра кирип, кассадагы акчаны алып, дарыканачыны түртүп качып чыгып кетет.

Токтомдо, ошол убакта анын жанында 15 миң сом болгон, мүмкүн чуркап бара жатып түшүрүп алгандыр. Ал кылганын  түшүнүп, ошол замат өзү милицияга келип күнөөсүн мойнуна алгандыгы айтылат.

Дарыкананын башчысы кармалган жаранды камабай эле коюусун өтүнгөнүнө карабай, ага сотто  КРнын Кылмыш жаза кодексинин 201-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5 жылга эркинен ажыратуу менен 70 миң сом айып тагылган.

Булак:NazarNews.k

Последние новости