www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Идрис Кадыркулов, Мамкаттонун биометрикалык паспорттор боюнча тендер иштерине байланышкан иш УКМК тарабынын обьективдүү каралуусу үчүн өз арызы менен кызматтан кетти.
Кадыркуловду кызматтан кетирүү боюнча мыйзамга Президент кол койду.
Кыргызстандагы паспорт тендери боюнча чыр бир топ адамдын башын «жутмай» болду. Буга чейин «Коррупция» беренеси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынып, Мамкаттоонун жетекчиси Алина Шаикова иштен алынган.
Өткөн айда кызматтан кеткен Шаикованын айтымында, 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырган.
Бул билдирүүнү УКМК четке каккан эмес. Эки чиновниктин тирешинен улам укук коргоочулар УКМкнын жетекчисинин иштен кетишин талап кылышкан.
Аталган билдирүүдөн кийин УКМКнын төрагасы кетүүгө арыз берген.
Булак:NazarNews.kg