www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы  районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталат. Бул  тууралуу Sputnik маалымат агенттиги, "Ат-Башы  кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсынын жетекчиси Эмилбек Абдыкаровдун берген маегине таянып жазып чыкты. 

Эмилбек Абдыкаровдун айтымына караганда, Нарын облусунун Ат-Башы районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталат.
План боюнча логистикалык борборго,  жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу күтүлүүдө. 

"Апрель айында кар кетери менен курулуш иштерин баштаганы жатабыз. Күзүндө 5 миң чарчы метрге сегиз кабаттуу мейманкана курулуп, ишке берилет. Курулуш иштерине жалаң Ат-Башынын 1000ге чукул тургуну тартылмакчы. Учурда акимчилик анда иштей турган адамдардын тизмесин түзө баштады", — деди Абдыкадыров.

Инвесторлорго 200 гектар жердин 176 гектары индустриялык-соода-логистикалык борбор курууга берилген. Ал эми 24 гектарга бажы-логистикалык борбору салына турганын Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев кошумчалады. Бүгүнкү күндө инвесторлор жердин ижара акысы үчүн 43 миллион сом бергени маалым болду. Логистикалык борбор толугу менен сегиз жыл ичинде салынып бүтөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости