www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башыда логистикалык борбор курулат дегенден баштап, ар кандай ой-пикир, ушактар айтыла баштады. Бул маселеге кайдыгер карабаган коомдук ишмер, жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин логистикалык борбор тууралуу кызыктуу пикирин окурмандарга сунуштайбыз.
"Дордой” бизнес борборунда Ат-Башыда курула турган логистикалык борбор тууралуу маалымат жыйын өттү. Жыйынды Аскар Салымбеков уюштурган экен.
ММКнын өкүлдөрү менен жолугушуп маалымат берээрдин алдында жалпы эле Нарындык бир топ белгилүү аксакалдар, мурда Нарында жетекчилик кызматтарда иштешкен коомдук ишмерлер менен чакан кеңешме өтүп, аталган логистикалык борборду курууга Кыргызстан тарабынан жоопкер болгон Эмил Абдыкадыров толук маалымат берди.
Логистикалык борбор толугу менен кытай инвесторунун эсебинен курулат. Алдын ала борборду куруунун биринчи этабына кете турган каражат 280 миллион долларды түзөт. Калган маалыматтарды интернетти чукусаңар табасыңар. Менин айтайын дегеним ушул сөз чыккандан бери эл арасында айтылып ар түрдүү аңызда кеп болуп келаткан маселелер:
1. Логистикалык борборду жеке инвестор, жеке каражатына куруп жаткандыктан келишим Кытай-Кыргызстан биргелешкен ишканасы менен Нарын эркин экономикалык аймагы ортосунда түзүлүп 49 жылга 200 гектар жер ижарга берилген. Демек, эл арасындагы "49 жылдан кийин Кытайлар ал жерди алып коет"- деген сөз суу кечпеген жалган сөз.
Себеби ижара келишимин Кытай мамлекети менен кыргыз мамлекети түзгөн жок. Биргелешкен ишкана менен НЭЭА экөө түздү. Тактап айтканда, жер мамлекеттик деген статусунан ажырабай кала берди.
Демек, биздин мыйзамдар боюнча мамлекет кырдаал жаралса, аталган келишимди жокко чыгарууга толук укугу бар.
2. Түзүлгөн келишим боюнча ар кандай талаш -тартыштар жаралса, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдары менен, Кыргызстанда, Кыргыз мамлекетинин соттору карайт. Бул өтө маанилүү.
Биз буга чейинки сырттан келген инвесторлор менен түзүлгөн келишимдерде "Талаш-тартыш чыкса ошол инвестор келген мамлекеттин мыйзамы менен ошол мамлекетте каралат"- дегендиктен эч нерсе кыла албай келатабыз. Маселен, Кумтөрдүкү ушундай.
3. "Логистикалык борбор курула баштагандан күндөн Кытай жумушчулары каптайт"- деп эл арасында айтылган сөз да жалган. Себеби, түзүлгөн келишим боюнча иштей турган жумушчулардын 95 пайызы Кыргызстандыктар, 5 пайыз эле кытайлыктар иштешет. Тактап айтканда, он миң кыргызстандык иштесе, болгону 500 кытайлык иштейт. Алар да жалаң техник кесипкөйлөр. Демек, "Кытайлар каптайт"- дешке негиз жок.
4. Бул жолку биринчи этабында эле 280 миллион инвестиция салып Кыргызстанга келе турган инвестор жерибизди чукуп, казбайт. Кенибизди сыртка ташыбайт. Сыртка Кыргызстандан чыккан товарды гана ташыйт.
Кайра -кайра кеп болгон курулуштун 1-этабында ал борбордо 10 завод курулмакчы.
Ошондой эле Кыргызстандан чыккан экологиялык таза продукту, жер-жемиш, жашылча, эт-сүт азыктарын кайра иштеп чыгуучу жана сактоочу жайлар курулат экен. Маселен, дүйнөлүк мыкты технология менен курулган сактоочу жайларда кокон гиласын жаңы эле шагынан үзүп алгандай абалда эки жылга чейин сактай алат. Алмаларды андан да узак мөөнөткө сактайт.
Демек, Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияны сыртка сатуу жеңилдейт.
5. Инвестор “баарын өзүм куруп, өзүм жеке ээлик кылам” деген шарт койгон эмес. Ал борборго Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Казакстандын, Түркиянын, Англиянын бизнесмендери өз завод-фабрикаларын курушмакчы.
Демек, баарына Кытай тарап ээлик кылат деген доомат да туура эмес. Бир гана шарты акыркы үлгүдөгү технология менен курулган завод-фабрикалар болушу керек.
6. "Эмне себептен мынчалык Кыргызстанга пайдалуу инвестиция болууда?"- деген суроо сөзсүз туулат. Бул жагын эми менин жеке оюмду айтайын. Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдөгү жерди ижарага берүү өтө кымбаттап кетти. Ал эми чоң шаарларда 200 гектар жер эмес 2 гектар жер алуу кыйын. Ал эми техника ушунча өнүккөндүктөн, Кыргызстан эмес Түндүк уюлдан чыгарылган товарды деле дүйнөнүн кайсыл булуңуна болбосун ташып барып сатуунун кыйынчылыгы жок.
Экинчи жумушчу күчү да Кыргызстанда башка мамлекеттерге караганда алда канча арзан. Үчүнчү; Ал жер келечекте тогуз жолдун тоому болот. Авто жол, темир жолдор кесилишкен жер болот.
Керек дешсе келечегинде аэропорт куруп алышса деле болот. Мына ушунун баарын эсептеп чыкса керек. Ошондо да "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет"- дегендей, келишимдин юридикалык жагын дагы бир жолу карап чыгууну белгилүү юрист, илимдин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев баш болгон эркин юристтерден турган топко сунуштадык. Алар карап чыгып оюн элге ачык айтышаар. Күтө туралы.
Булак:NazarNews.kg