www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы АКШнын аскердик контингенти Россиянын жогорку кызматтагы генерал-майорун Манбидж аймагында “кармап” бирок, коммуникация каналдары аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кое беришкен.  Бул тууралуу АКШнын Сирия маселелери боюнча мамлекеттик департаментинин өкүлү Джеймс Джеффри билдирди.

Анын айтымында, буга чейин конфликттүү аймакта эки өлкөнүн аскерлери ортосунда көйгөйлөр жаралып келген. Айрыкча 14 ай мурда Россиянын аскер контингенти Сириядагы америкалыктар жайгашкан аймакта аскердик операцияларын күчөткөндөн тартып көйгөйлөр көп болгон.

Ал эми АКШ аскерлеринин колуна түшкөн россиялык генерал-майордун ысымын атоодон  Джеймс Джеффри баш тартты.

Эске салсак, 19-январда Өзүн коргоо элдик отряды жана Курдистандын жумушчулар партиясы көзөмөл кылган аймакта АКШ аскерлери Россиянын контингентин Румелайн шаарына жакын мунай зат чыккан аймакка киргизбей коюп, орус аскерлери кайра артка чегинишкен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости