www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районуна логистикалык борборду ким курат, аянты канча, кимдер иштейт? Бул суроолорго  бүгүн, 22-январда Аскар Салымбеков баштаган бир катар ишкерлер жана Нарын облусунун аксакалдары, жергиликтүү маалымат булактарына маек берип жатып жооп беришти.

Алардын берген маалыматына таянсак, Логистикалык борбордун курулушунда кыргыздардын өкүлү болгон Эмил Абдыкадыров бул борборго кожоюн катары Кытайдын жараны жана өзү катталганын айтты. Жалпысынан борбордун курулушуна 200 гектер жер аянты бөлүнүп, кытайлар  инвестиция кылат.

План боюнча, 200 гектардын 80 гектары өндүрүшкө жумшалып,  10 чакты завод-фабрика курулаары күтүлүүдө. Мамлекет аталган  аймакты заводдук-экономикалык зонага бөлүп берип, ишкерлер жерди 49 жылга ижарага алгандыгы айтылды.

 “Келишим боюнча 20 пайыз инвестиция кылган тарап, 80 пайыз жергиликтүү эл ишке орношот. Бирок Кытай тарап жумушчулардын 5 пайызын гана түзөбүз деп жатышат, алар көбүнчө тармак боюнча адистер болушат. Азыр жумушчулардын тизмеси такталууда, жергиликтүү адамдардан 700 киши иштейм деп кайрылды”-деп билдирди Эмил Абдыкадыров.

Мындан тышкары, Борбор курулуп ишке кирсе 10 миңден 15 миңге чейин адам жумуш менен камсыз болоору айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ат-Башы  районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталаары айтылган. План боюнча логистикалык борборго,  жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости