www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Органда 30 жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкса дагы бул тармакта дале иш алып барып жаткан Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Жолдошбек Тентимишов менен аймактык кабарчы маектешти.

Жолдошбек Тентимишов 1949-жылы 13-октябрда Нарын районунун Дөбөлү айылында төрөлгөн. 6 жашына чейин ата-энесинин тарбиясында болуп, андан кийин Нарын шаарындагы Киров атындагы орто мектебинде окуп, аны 1965-жылы бүтүргөн. 1966-жылы Куланак айылындагы училищанын 2 жылдык курсун бүтүп, тракторист болуп иштеген. 1968-жылы Ташкент шаарындагы индустриалдык-педагогикалык колледжине өткөн. Анда 4 жыл окуп, аскерге жөнөгөн. Аскерден келгенден кийин ошол эле шаарда 4 жыл иштеп, мекенине барып Нарын ОИИБде эмгектенип калган. Каармандын жубайы эл агартуу тармагында 47 жыл иштеп пенсияга чыккан. Алардын 4 кыз, 1 уулу жана 9 небереси бар.

«1968-жылы Ташкент шаарындагы индустриалдык-педагогикалык окуу жайына өтүп, анда 4 жыл окудум. Андан соң аскерге кеттим. Ал жактан келип, кайра эле Ташкентте иштеп калдым. Ал кезде завод бар эле, кураштырма цехте мастер болуп 4 жыл эмгектендим. Атам “айылга кел, сен алыстап кеттиң. Тилиң да, дилиң да бузулду, өзбек болуп кеттиң. Кел бул жакка” деди. Атамдын сөзүн угуп, Нарындагы автобазада механик болуп иштеп, андан соң инженер болдум. Ошол убактарда мурунку облустук МАИден чакыруу болду. Барсам “сен жаш экенсиң, ишти билет экенсиң, органга өткүң, инспектор болосуң” дешти. Ошентип органда жалпы 30 жыл эмгектендим. 1978-жылдан 1998-жылга чейин иштеп, ардактуу эс алууга чыктым. 2005-жылы баштап ардагерлердин укугун коргоо боюнча республикалык ардагерлер кеңеши түзүлүп, Нарын облусу боюнча куратор болуп иштедим. 2 жылдан бери Нарын ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп жатам», - деди ал.

Жолдошбек Тентимишов дайыма ардагерлердин чечилбеген маселесин көтөрүп келет.

«Биздин башкы максатыбыз, ардагерлердин көйгөйүн чечүү, кызыкчылыгын коргоо талабы менен мыйзамдын негизинде иштейбиз. Жанын тобокелге салып, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо максатында күндөп-түндөп иштеп жүргөн милициянын айлыгы аз экенин жакшы билесиздер. Ал эми УКК менен прокуратуранын айлыгы дагы, пенсиясы дагы жаңы жылдан кийин көбөйөт. Бизге эч кандай кошулбайт. Бизге тамакка суткасына 34 сом төлөчү. Ал эми жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга суткасына 84 сом, питомниктеги иттерге 115 сом каралган. Бул маселени козгоп жатып, былтыр апрелден баштап өкмөт 26 сом араң кошуп, 60 сомго чыгарды. Нарын шаарынан Бишкек шаарына ооруп көчүп барган пенсионерлер бар. Алардын 25% пенсиясын кыркып салышкан. Ал эми мындай мекемеде иштеген пенсионерлердикин эч кимиси карабайт. Каякта жүргөнү менен иши жок, пенсияларын кыркышпайт. Бул маселе боюнча да чуркап жүрүп, азыр кайсы жерде болбосун башында чыккан пенсиясы сакталып калсын деген мыйзамга толуктоо кирип жатат. Нарын ОИИБ боюнча 537 ардагерибиз бар. Ар бир райондо төрагалар бар», - деди ал.

Мурдагы МАИде инспектор болуп иштеп жүргөндө бир өлүмдөн аман калганын айтып берди.

«1981-жылы 2-апрелде Медиктер күнү белгиленип, мен Нарын районунун чыга беришиндеги өткөрмө пунктунда тургам. Саат 17:00 чамасында Байгазак айылынан бир койчу чыгып, мени менен сүйлөшүп алып кетти. 15 мүнөттөн кийин эле кайра келди. "Жигулисинин" бир капталы бүт шыпырылып калыптыр. "Могул жерде бир мас тракторист жүрөт, ошону кармабасаң болбойт. Менин унаамдын капталын шыпырып, эмне кылганың десем, мени да тебелетип кете жаздады” деди. Ал арызданып келип жаткандан кийин мен барууга милдеттүүмүн да. Каякка кетти десем Орто-Саз жакка кетип калды деди. Жумуштун унаасын айдатып алып тоого чыгып карадык. Ал мас тракторист бульдозер менен экен. Артынан кыйкырып бара жаттым, такыр токтобой койду. Ошондо терезесин таш менен чаптым. Мени бир карап алды да, дароо бульдозерун бурду. Андан кийин мени жамбашка сүздү. Мен учуп барып, эсим ооп жатып калдым. Эч нерсе билбейм, күүгүм кирип келе жаткан. Көзүмдү ачсам, мен тарапка келе жатыптыр. Маңдайындагы калагы менен арыкка түрттү. Өлөт деген ушу турбайбы деп ойлодум. Жылдыздар учуп жаткандай көрүндү. Бир жыл мурун бир аймактык милицияны унаа менен кайра-кайра былчыйтып тебелеп өлтүргөн окуя катталган. Ошол оюма келди. Жанагы 6,5 тонналык унаа мени дагы бир тебелесе өлчүдөй болуп жаттым. Көздүн кыйыгы менен карасам, тиги “өлтүрдүм” деди окшойт, кетип калды. Жерден тура албайм. Жанымдагы айдоочу балага “тиги дагы башкаларды тебелейт, кармагыла” дедим. Ал "ооруканага барыңыз" деди, такыр санаам чыдабай тигинин артынан балдарды кошуп жибердик. Ооруканага келсем бир дагы дарыгер жок. Бир практикант бала бар экен. Операциялык столго алып келди. Бутум шишип кетиптир. Ары-бери ушалап, эч нерсе билбейт. Бутумду өзүм түздөп, гипстеп салдым. Аңгычакты эле, ооруканадагылар "курулуштан бирөө учуп кетиптир, абалы оор экен" деп калышты. Карасам эле баягы тракторист. "Эй мунуңар курулуштан учпай эле, мени тебелеп кеткен ушу болчу" дедим. Көрсө, бул трактористти кармоо үчүн бир нече адам артынан барыптыр. Ошондо ал “мен соо калбайм” деп, бульдозерин токтотпой андан түшө калып, дароо алдына жата калат. Анын кесепетинен бели былчыйып калат. Аны түнкү саат 12:00дө операцияга алып кетишти. Бир саатка жетпей каза болуп калды. Анын сөөгү өлүкканада 16 күн жатты. Бул киши 15 жашында ата-энесине бычак менен кол салган экен. Кийин зордуктоо боюнча 6 жылга, уурулук менен 5 жылгы кесилиптир. Өзү ак-талаалык экен.

Москва аймагында бир дудук бульдозер менен иштеп жатып түшкү тамактанууга кетет. Ошондо аталган киши бульдозерду айдап алып, Орто-Саздан спирт ичимдигин ичет. Андан кийин чабандын "Жигулисин" талкалап, анан жанагыдай окуя болуп жатпайбы. Ата-энесине айтса “андай балабыз жок, эмне кылсаңар ошо кылгыла” деп коюшуптур. Ошентип бир өлүмдөн калгам», - деди ал.

Жолдошбек Тентимишов «Нарын шаарынын ардактуу атуулу», «Нарын облусунун ардактуу атуулу», «Ардактуу инсандар» коомунун «Ардактуу аксал» орденин, «Эл сүйгөн жетекчи» орденин, КРдин согуштун куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана орук ардагерлеринин кеңешинин «Ардактуу ардагер» медалын алган, ИИМдин ведомстволук 8 медалы, мактоо грамота, ыраазычылык каттары менен сыйланган.

«Бул кызматта жүргөндө берген антыңа так туруп, сак болуу керек. Эл-журттун көңүлүн оорутпай, психолог, педагог болуу зарыл. Мыйзамдарды так билип, адамгерчилик сапаттан ажырабоо керек. Учурда алыбыздын, күчүбүздүн келишинче кызмат кылып жатабыз. Эли-журтум менен биргемин, бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан мезгилим», - деди ал.

Булак: "Турмуш"

Последние новости