www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Руслан Айтбаевич, өкмөттүн иштеп жатканына беш айга жакындады. Депутат катары өкмөт ишине кандай баа бересиз?

– Баа берүү татаал. Анткени, бул өкмөт өтө чукул аралыкта түзүлгөн. Ошол убакта мен биринчилерден болуп программасын сурагам. Жок дегенде айлык, кварталдык аткарылчу иштеринин программасын талап кылгам. Ошондо Абылгазиев «канча концепция-стратегиялар жазылат да, баары эле аткарылбайт экен, биз мурунку премьердин программасын кээ бир өзгөртүүлөрү менен алып келдик. Убакыт да чукул болуп калды, түнү менен иштедик» деп айтканы стенограммада бар. Өкмөтгүн программасын эң көп сураган депутат мен болсом керек. «Качан алып келесиңер?» деп да сурагам. Анда алар «июлда» дешкен. Тилекке каршы, жайкы эс алууга чыкканга чейин алып келе алышкан жок. Сентябрда жумуш башталганда дагы бул маселени койгонбуз. Структурасын дагы алып келе элек. «Эртең, эртең» деп убакытты создуктуруп келатышат.

– «Бул өкмөт да жакында отставкага кетет» деген кептердин чындыгы барбы?

– Мен өкмөт башчы жөнүндө эки ооз кеп айткым келет. Мухамметкалый Дүйшекеевичтин өзүнүн иш билгилигинде кеп жок. Мамлекеттик кызматта эң төмөнкү баскычтан премьерликке чейин жетти. Өзү таза инсан. Түнкү саат 1-2лерге чейин кабинетте иштеп жатат. Иштеген адамды кетиргенге акыбыз жок. Менин сунушум боюнча премьердин өзү менен 1-2 эле министр калып, калганынын баары кетиши керек эле. Биринчиден, моралдык-этикалык жактан туура эмес го. Биз өкмөткө ишеним көрсөткөн жокпуз. Премьер-министр Сапар Исаков кетти да (ал азыр абакта жатат), калганынын баары толук курамда азыркы өкмөттө иштеп жатышат. Моралдык-этикалык жагынан кеткен өкмөттүн ишинин кемчиликтери үчүн булар дагы жооп бериш керек эле. Экинчиден, азыр экономиканын жагдайы өтө начар. ИДПнын өсүшү кыйла төмөндөп кетти. Ички карыз менен тышкы карыздын төлөнүшү боюнча графиктерин каржы министри бере албай жатат. Минималдык жашоо деңгээли 5600 сомдун тегерегинде дагы эле турат, айлык маяналарда эч өзгөрүү болгон жок, тышкы инвестициялардын келиши бир топ басаңдады. Ачыгын айтканда, азыр Сооронбай Жээнбеков эле аракет кылып тышкы саясатта иштеп жатат. Тегеректеги өлкөлөр менен мамилелерди оңдоп, калыбына келтирүүдө.

– Кыш келди. Өкмөттүн кышка даярдыгы депутаттардын купулуна толдубу?

– Кышка даярдык боюнча жалпы жыйында да, комитеттерде да, фракцияларда да маалыматтар угулду. «Толук кандуу даярбыз» деп эле жатышат. Бишкектин мэри жаңы шайланды. Мэрдин шайланышы, элге кайрылуусу, ишке кириши башкалар сыяктуу эле мага деле жаккан жок эле, бирок «чарбачыл экен, жакшы иштерди жасай баштады» деп шаардыктар ага ишеним артып, мактай да башташты. Көрөбүз, кандай иштеп кетерин.

– Бабанов азыр кайда, байланышып жатасызбы? Кылмыш иши токтотулду, келейин дейби?

– Шайлоонун бүткөнүнө бир жыл болду. Бирок, шайлоонун жаңырыгы дагы деле кулагыбызда. Себебин билесиңер. Бабанов оппозициядан барса дагы, 34 пайыз (600 миңден ашык) добуш алды. Бул Кыргызстандын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн тарыхындагы президенттикке ат салышкан оппозициялык талапкерлердин эң жогорку көрсөткүчү. Бирок, ал шайлоо бүтөрү менен шайлоонун демократиялык принциптер менен өтүшүн белгилеп, Жээнбековду куттуктап, анан ден соолугуна кам көрүүгө чет жакка чыгып кеткен. Ал кезде саясый чыңалуу болуп турган. Өмүрбек Токгогулович элдин ынтымагы, мамлектеттин туруктуулугу деп дарыланып жаткан жеринен кайра Кыргызстанга келген жок. Бул – бийликтин эркин иштешине, бекемделишене анын кошкон салымы болду. Ал эч кайда качкан жок. Азыр эми Жээнбеков «активдүү-прогрессивдүү кишилерди колдоном» деген оюн айтып жатат. Бабановдун өз орду, ийгилик тарыхы бар, мамлекеттик кызматга, жеке ишкерчиликте, саясатта такшалган. Тогуз ай премьер болзш турганда чечкиндүү кадамдарды жасай алган. Өткөн аптада менин Бабанов тууралуу президентке кайрылганымдын себеби дагы ошол болду.

Бабановго кылмыш иши токтотулган менен тергөө иштери жүрүп жатат. Азыр ал кишинин туруктуу иштеп жаткан жери – Москва. Жакында эле жолугуп кайттым. Инвестицияларды тартуу боюнча көп идеялары бар экен. Президентибиз Сооронбай Шарипович айкөлдүгүн, адилеттүүлүгүн көргөзүп, УКМКдагы иш жабылса, Бабанов жакында келет деген үмүттөбүз. Келсе, маалымат жыйын куруп, ушуга чейин кайда, эмне кылганан өзү айтып берет.

Динар Турдугулова

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости