www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Улут абийири" сыйлыгы анын энесине тапшырылган учур.

"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды. Наамды ыйгаруу Бишкектеги Кино үйүндө өтүүдө. Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсынын "Чеч-Дөбө" кеңеши негиздеген. Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому маркумдун жакындарына тапшырылды деп билдирет "Азаттык".

Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген.

"Чеч-Дөбө" кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, публицисттер жана башка тармактын өкүлдөрү кирген.

Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Жасаган эмгектери эске алынып, Эгизбаевге көз жумгандан кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган. Аны президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда ата-энесине тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости