www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылган кеп бар эмеспи «Ата кадыры менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт» деген. Ансыңары атасынын кадыры менен өлкөбүздөгү саясий жылдызга айлангандар да жок эмес.

Мисалы Исхак Масалиев, Бакыт Төрөбаев, Элвира Сурабалдиева өңдүү депутаттар учурда эл тагдырын чечимиш болуп, топко кошулуп жүрүшөт.

Депутат Исхак Масалиев

Исхак мырза атасы жасап кеткен иштин он пайызын жасаган болсо анда сөз башка эле.

Канча чакырыштан бери депутаттык такты бербей эле келе жатат жана эмне деген гана чоң кызматтарды аркалабады, бирок артында айта тургандай анча чоң иш жасай элегин жаамы журт жакшы билет. Кыскасы атасы Апсамат аксакал ушунчалык таза, элге күйгөн, жасап кеткен иштери али күнчө эсибизде. Бирок айрым аткошчуларга караганда ачуу чындыкты айтып келе жаткан инсан. 

Бакыт Төрөбаев депутат жана партиянын лидери.

Бул жашоодо үч уул бар. «Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул» деп айтылат. Биз Бакыт мырзаны ушул үч уулдун кайсынысына кошорубузду билбей башыбыз катты.

Элге алынып өзүнчө партия түскөнүн эске алсак, атага тең уул деп атасак болот. Ал эми депутат болуп деги эмне иш кылды жана элге кандай жарыгын тийгизди?-деген суроо салсак анда атадан кем уул болуп калат.

Ал эми бийликке келген ажолорго жан тартып, жагынуунун амалын жасаганын ойлосок такыр эле атасынын кадырынан төмөн түшүп кеткенин баамдасак болот. Андыктан Бакыт мырзаны элдик уул эмес, жөн гана өз оокатына тың деп эле айтсак жарашчуудай. Азырынча Бакыт мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ичирген даары менен турат. 

Депутат Элвира Сурабалдиева

Бир кезде Элвира ким эле? Чынын айтсак катардагы эле, эркектердин көзүн өзүнө бурган бир сулуу айым болучу. Анан атасынын жолун жолдоп, элге алынганы баягы Элвира жок, азыр такыр башка Элвира. Ооба, кыз болсо дагы атасынын атын чыгарып жүргөнүнө шүгүр дейли. Анткени «мен кыйын» деген бай, колунда күчү бар эр жигиттер деле өз арбайлары менен алек болуп жүрүшпөйбү.    

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости