www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда социалдык тармактарда, вотсабдагы группаларда 17-январда кытайларга каршы Бишкекте митинг өтөрү кабарланып, жарандарды ага үн кошууга чакырыктар ташталууда. Бул митинг Эски аянтта башталып, андан ары топтолгондорду “Ала-Тоо” аянтына алып баруу пландалып жатат. Мындай маалыматты "Трибуна" жазып чыкты.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, бул акциянын уюштуруучусу жана демөөрчүсү экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын жакын адамдары экен.

Бизге жеткен маалыматка караганда АШАнын адамдары бир эле Бишкек менен чектелип калбай, борбор калаанын жака белиндеги райондордун, Ысык-Көл менен Нарын облусунун элин да бул митингге тартууга катуу аракет кылып жатыптыр. Ал үчүн аталган аймактарга каттаган айдоочуларды да тартып, алардын 20дан ашык киши алып келгендерине олчойгон акча сунуштап жатканын да тана албайт.

Айрыкча Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата районуна каттаган “ярий” балдарды топтоп, Эски аянтка жеткирип берүүнү суранып, акчасын алдын ала карматканы каңкууланууда. 

Бирок, көпчүлүк айдоочулар мындай митингге каршы болуп жатканы белгилүү болду. Тынч жаткан элди козуткан айрым бузукуларга каршы керек болсо митинг өткөрүүгө даяр тургандар да бар экен. Алар “Атамбаев элди козутканы менен, башаламандык болуп кетсе карапайым эл кыйналат” деп макул болбой жатыптыр. Чынында эле ошондой. Атамбаев жана анын адамдары 6 жылда эбегейсиз байлык топтоп, чет өлкөлөрдөн да үйлөрдү алып койгон. 
Чынында АША ансыз деле 6 жыл элди эзип, Кыргызстанды карызга батырды. Болгондо да Кытайдан карызды олчойто алып, анын тең жарымын уурдап, бизди кытайларга бир топ көз каранды кылып койду. Эми минтип өзү кайра кырдаалды курчутуу үчүн кытай маселесин көтөрүп жатканы анын чыныгы деңгээлинен кабар берет. Элибиз мындай чайкоочулукка эч качан жол бербеши керек, - деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Булак: 

Последние новости